Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Абасканов Нурбек Эсенканович ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынды.

БУЛАК:KYRGYZTODAY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу