Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык
Ош облусунун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери бычакталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 9-октбярь күнү аталган райондо эл аралык террордук топтун жашыруун иштеген бөлүмүнүн ишмердигин токтотуу максатында иш-аракеттерди көрүп жүрүшкөн. УКМК кызматкерлери дал ошол маалда бычак жеген.
«Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык. Алар Ош облустук ооруканасында», — деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.
Облуста «Перехват» планы жарыяланып, райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголду.
Булак:Спутник