Нике эң таттуу сезимдердин топтому…

Жаңы турмуш куруп, ак никесин кыйып жаткан жаштарга төмөнкү кеңештерге токтолобуз. Нике-бул көрүнгөндүн колунда ойной турган оюнчук эмес.

Нике-кыз менен баланын ортосундагы махабаттын жеңиши. Сезим менен ишеним айкалышканда никеге келип улашат.

Нике-эң таттуу сезимдердин топтому. Бири-бирин сүйгөн эки жаш эки багытка эмес, биргелешип бир багытты көздөй бет алат.

Нике-жаңы жашоонун баракчасы, жаман кылыктардан арылып, эркелик менен коштошо турган убакыт.

Нике-өзгөгө көз салуу менен сөз салууну токтотуу.

Нике-кимдир бирөөгө керек экениниди сезүү. Эми сен ак никең үчүн, адал жарың үчүн жана келечектеги балдарыңа керексин. Өзүң үчүн гана өмүр сүрүүнү токтотуп, өзгөлөрдү дагы өз өмүрүңө аралаштыр. Алар менен ар дайым тыгыз байланышта бол.

Нике-жоопкерчиликти сезе билүү.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу