Нике кыюуга тыюу салган 6 «болбойт»

Саламатсызбы! Менде бир суроо бар эле. Ислам дини кандай аялга үйлөнүүгө тыюу салган? Бул тууралуу билсем болобу?

Равшан ажы Эратов, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы

Эркек менен аялдын ортосунда нике кыюуга тыюу салынган бир нече негиздер бар.

1. Кандаш тууганчылык. Шариятта жакын туугандарга үйлөнүүгө болбойт: апасына, кызына, эже-карындашына, атасынын эже-карындашына, энесинин эже-сиңдисине, бир тууган ага-ини, эже карындаштарынын кыздарына, аталаш же энелеш ага-ини, эже-карындаштарынын кыздарына, атасынын, энесинин апасына, неберелерине. Ошондой эле, атасынын эже-карындаштарына жана энесинин эже сиңдилерине, алар аталаш же энелеш болсо да.

2. Эмчектеш тууганчылык. Шариятта үйлөнүүгө тыюу салынат: эки жарым жашка чейин эмизген эмчектеш энесине, эмчек энесинин кыздарына жана эже- сиңдилерине, эмчектеш бир тууганына. Эмчектеш тууганчылык — кандаш тууганчылыкка теңдештирилет.

3. Мусулман эместерге.

4. Никелүү аялдарга.

5. Атасына, чоң атасына жана баласына турмушка чыккан аялга (өгөй энеге), мурунку аялынын энесине үйлөнүүгө тыюу салынат. Ошондой эле мурдагы аялынын кызына (бакма кызына), эгерде ал аял менен жыныстык катнаш кылган болсо.

6. Эже-сиңдилер бир учурда бир адам менен никеге турганы болбойт.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу