Неймарды «ПСЖ» клубу 222 миллион еврого сатып алды

Социалдык тармактарда Неймар мурдагы клубдаштары менен коштошуп, видео кайрылуусунда Месси менен Суареске өзгөчө басым жасады.

Париждин «Пари Сен-Жермен» футбол клубу бразилиялык чабуулчу Неймар менен беш жылдык келишим түзгөндүгү жөнүндө клубдун Instagram аккаунтуна жарыяланды.

Бул оюнчу үчүн «ПСЖ» клубу «Барселонага» 222 миллион евро төлөп берди. Ал эми Европанын футбол ассоциациясы бардык финансылык талаптар туура аткарылгандыгын билүү үчүн бул келишимди көзөмөлгө аларын билдирди.

Неймардын башка клубга өтүшү эми дүйнөлүк футболдун тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп эсептелүүдө.

Жаңы клубда Неймар өзүнүн сүйүктүү 10 деген номеринин алдында ойнойт. «Барселонада» аталган номерди аргентиналык Лионель Месси бошотпой келсе, «ПСЖнын» оюнчусу Хавьер Пасторе өзүнүн кезек номерин Неймарга берүүдөн баш тарткан жок.

Маалыматка караганда, футболчуну тааныштыруу аземи Парижде параддын коштоосунда болот.

Неймар өзү «ПСЖнын» катарына кошулганына кубанычта экенин айтып, күйөрмандар күтүп жаткан жеңиштерди алып келүүгө аракет кыларын кошумчалады.

Социалдык тармактарда Неймар мурдагы клубдаштары менен коштошуп, видео кайрылуусунда Месси менен Суареске өзгөчө басым жасады.

Булак: СПУТНИК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу