Негативден башка айтаар сөзүң жокпу, Эдил

Эдил Байсаловду кимдер гана билбейт. Бир караган кишиге Кыргызстанда андан өткөн “демократ” деги эле жоктой. Анан да кайсы жерде чуу, кайсы жерде митинг, пикет же ушул сыяктуу нерселер болсо дээрлигинде Эдилдин “ээ-жаа” бербей ошол жерде дүңкүлдөп атканын көрөсүң. Акаевдин, Бакиевдин, андан кийин Атамбаевдин учурунда деле анын баягы эле “пластинкасы” угулуп, кулактын кужурун алат. Байсаловдун андай “ырынан” көпчүлүк деле эбак тажаганын өзү деле сезбейт окшойт.

 

Сөздөрүнө кулак төшөсөң жалаң негатив. “Жоготуш керек”, “кетириш керек” жб. жб… Же, тилде сөөк жок деп эле ой-тоону сүйлөй берсе болобу? Же анын болгон кылаар кесиби ушундайбы? “Эдил эч качан бекер сүйлөбөйт” деп айрым ММКлар тапанданып жазгандай, а балким анын алган “маянасынын” мааниси ошондойдур? Бирок, Эдилдин көз айнеги менен эмес, реалдуу турмуштун айнегинен карасак, өлкөбүздө жакшы нерселер деле Кудайга шүгүр, такыр эле жок эмес го? Балким өлкөдөгү андай алдыга болгон жылыштар Байсаловдун “очкисинен” көрүнбөйбү?

 

Булак: «Айгай»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу