Нарында кырктын кырында үч эмдүү болгон Исаевдердин үй-бүлөсү жардамга муктаж

Чолок-Кайынды айылынын тургундары Капарбек Исаев менен Айгүл Чотурова былтыр октябрь айында үч эм уулдуу болушкан.

Былтыр октябрь айында үч эм төрөгөн Айгүл Чотурова күйөөсү жана беш баласы менен (эки баласы — бирөө 2-класс, экинчиси 5-класста айылда туугандарыныкында жашап окуп жатат) Нарын шаарында ижарага алынган эки бөлмөлүү үйдө жашап жатат. 25-октябрда үч эм төрөгөндөн кийин балдары торолгуча шаарда убактылуу жашап жаткандыгын Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүмайрам Учугенова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, Чолок-Кайынды айылынын тургундары Капарбек Исаев менен Айгүл Чотурава учурда жети уул, бир кызды тарбиялоодо. Балдардын улуусу 22 жашта болсо эң кичүүлөрүнө беш ай толду.

«Балдар кар түшүп калганда төрөлдү. Үй-бүлө Нарын шаарында эки бөлмөлүү батирде убактылуу жашап жатат. Ижара акысы 12 миң сом. Биз төрт айдыкын төлөп бергенбиз. Мөөнөтү 17-мартта бүтөт. Айылга алып келсе, үч баласын бакканга шарты жок. Ооруканадан чыгары менен эле ошол батирге киргизгенбиз», — деп Учугенова кабартырланды.

Анын айтымында, батирдин эки айлык акысын облус жетекчиси берсе, бир айын Ак-Талаанын акими, дагы бир айын айыл өкмөт башчысы тапкан. Көп балалуу үй-бүлө учурда бардык балдарына мамлекет тарабынан айына 8748 сом жөлөк пул алат.

«Балдарына алчу жөлөк пулдарды чектеп бердик. Мурда 4860 сом алчу. Азыр үч эмди кошкондо айына 8748 чыгат. Бул жаш балдардын жалаягы менен тамак-ашынан артпайт да. Андан сырткары Нарын шаарында бардыгын сатып жешет. Үч эмдүү болгондон кийин алар бир топ эле кыйналып турушат», — деди айыл өкмөт башчы.

Учугенова ошондой эле бул үй-бүлө турак жайга өтө муктаждыгын, айылдын балансында бере турчу үйлөр жок экенин, анан калса айыл өкмөттүн жаңы там салып берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун кошумчалады. Бул үй-бүлөнүн өздөрүнө таандык тамы жок. Уйдун торпогу контракка төлөнөт. Улуу баласы учурда Бишкек шаарындагы окуу жайлардын биринде окуйт. «Ал дагы биз сыяктуу кыйналбасын» деп окуусу контракт болгонуна карабай окутуп жатканын Учугенова баса белгиледи.

«Жыл сайын уюнун торпогун сатып, баласынын контрагын төлөчү. Алардын бир аз мал-жандыгы бар. Ошону менен оокат кылышчу», — деди ал.
Үч эмдин апасы Айгүл Чотурованын айтымында, учурда бир күндө балдардын сүтүнө эле 230 сомдон короп жатат.

Үч эмдин апасы Айгүл Чотурованын айтымында, учурда бир күндө балдардын сүтүнө эле 230 сомдон короп жатат.

Ал ошондой эле турак-жай маселеси чечилсе жакшы болорун билдирди.

Булак:  Sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу