Нарында бүгүн таңда жер титиреди…

Нарын облусунда 2-апрелде таңкы саат 07:41де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Замир Дүйшеев Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Капкан-Таш тоо кыркаларынын түбүнөн орун алып, Өрүк-Там айылынан түндүк-батышты карай 20 чакырым, Жер-Көчкү айылынан түштүк тарапты көздөй 25 чакырым, Эмгекчил айылынан түндүк-чыгышты карай 35 жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты карай 42 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жердин силкинүү күчү Өрүк-Там жана Жер-Көчкү айылында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар болгон жок.

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу