Нариман Түлеев: «Алмазбек Атамбаев камалганга моралдык жактан даяр экен…»

Гезитибиздин мурунку сандарында Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен «селфи» темасынын айланасында маекти сунуштаган элек бүгүн да маекти уланттык…

(Башы ɵткɵн санда)

—Нариман Ташболотович, сиздер Москвага учкан күн 22-октябрь элеАндан үч күн мурун экспрезидент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, президент кезиндеги кеңешчиси Икрам Илмиянов камалды эле. Ал боюнча экс-президенттин оюн уга алдыңызбы?

—Икрам тууралуу дагы сɵз болду. Ал айтат: «Икрам таза жигит, жɵн эле камап коюшту» деп. Мен айттым: «Алмазбек Шаршенович, Икрам кандайча таза жигит? Сиз президент болгон жылдары «серый кардинал» катары так ушул Икрамдын гана аты аталып атпадыбы. Мына азыр камакта жаткан бизнесмен Рустам Мамановдун кылмыш ишинде дагы так ушул Илмияновдун аты аталууда. Анан кантип таза дейсиз?» — десем. «Ал Маманов боюнча сенден угуп атам, мен билгенден Икрам таза жигит» деп ɵз оюн таңуулады…

—Маегибиздин башында айтып ɵттүңүз го, Түлеев Атамбаевден кечирим сурагандеген катты Фарид Ниязов даярдаган деп…

—Ооба, мен дагы бир жолу айтып коеюун. Мен камалган учурда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазгам, бир эмес, бир нече жолу. Бирок, кечирим сурап эмес, менин ишимди калыстык менен каратып бериңиз деген мааниде. Анан Ниязов мени кечирим сурады кылып кат даярдап «шефине» кɵргɵзсɵ анан ал катты элге жарыялатып атпайбы. Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязовго да чаң жугузгусу келбейт экен. Бирок, мен: «Фарид жакында камалат! «Вечерный Бишкекти» кандай мыйзамсыз тартып алды Ниязов? Бирɵɵнүн мээнетин мыйзамсыз бирɵɵгɵ ыйгаруу Кудайга да жакпайт. Бул боюнча так ошол Фаридиңиз жоопкерчиликке тартылышы керек» деп айттым…

—Бул боюнча айтканыңызда эмне деди?

—«Жок, ал таза»-дейт.

—Демек, ТЭЦ маселеси менен камалгандарды дагы күнɵɵсү жокалардын баарытаза адамдар десе керек…

—Ооба, ал боюнча айтып берди. Камалган балдардын күнɵɵсү жок дейт. «Буларды чыгарыш керек» дегенде, мен айттым: «Алмаз Шаршенович булардын чыгышы кыйын болуп калды го. Азыр дагы эч нерсе эмес, Шаардык сот, Жогорку соттон күнɵɵсү далилденип чечим чыкканда сезесиз. Камалган 10 баланын ага-тууганы, ата-энеси, жубайы, балдары эшигиңизди сагалап келгенде анан баарын түшүнɵсүз. Ошондо ушул 10 бала камалганча менин ɵзүм жалгыз камалганым жакшы болмок деп ойлойсуз…» -десем, «Айтканың туура, бирок, балдарды чыгарыш керек!» дейт. Анан мен айттым: «Алмаз Шаршенович, сиз балдарды чыгарыш керек деп, бир кездеги мендей болуп жатыптырсыз. Мына мен ɵзүм менен чогуу камалган балдардын тагдырын ойлоп, алар күнɵɵсүз күнɵɵлүү болсо дагы айып пулун тɵлɵп чыгарып алдым. Башкача айтканда, мени күчкɵ салып 62 миллион сом тɵлɵттүңүз. Мына ошонун 18 миллиону ɵзүм үчүн болсо, калганын мени менен камалган балдардын, башкача айтканда командамдын моюнуна илинген айыптоо үчүн тɵлɵп берип чыгардым. Сиз дагы соттун чечиминен кийин камактагы балдарыңыз, ɵз командаңыз үчүн, моюнуна илинген каражатты тɵлɵп берип чыгарышыңыз керек» десем, «Анда кыйын болуп калат го» -дейт…

—Камактагылардын сотуна чекит коюла элек да…

—Азыр тергɵɵ жүрүп атат да. Мен экс-президентке учакта жолукканда сɵз арасында айттым: «Эгерде камактагы балдардын баары ɵз кɵрсɵтмɵсүн берип. Тагыраак айтканда, «Биз эмес, баарын жасаган ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев» десе, кандай кыласыз?» десем, «Эмне кылам? Качып кетмек белем, башка салганын кɵрɵм…» деген оюн айтты. Менин жеке пикиримде Алмазбек Атамбаев камалганга моралдык жактан даяр экенин байкадым…

—Демек, бул сɵздɵрү менен камакта жаткан командасына кабатырланып жатканын баамдасак болчудай экен?

—Камалгандарда күнɵɵ жок дегендей айтканы менен, президенттик акыркы жылдарында күч структураларын жетектеген «сүйүктүү» кадрларына капа экен. «Менин жаныма кандай тездик менен пайда болсо, мен кызматтан түшкɵндɵн кийин так ошондой тездик менен жок болуп кетти» деп нааразы болду…

—Кимдер ошондо?

—Жок болуп кеткендер толтура да. Жолдубаева, Сегизбаев, Сүйүнбаев деген сыяктуулар жок болуп кетти го. Ошолорго капа болду. Аны менен катар мен ошол жок болуп кеткендер тууралуу билгендеримди айтып бердим…

—Эмнелерди билчү элеңиз?

—Ошолор кызматта турганда кантип байыганын, кайсыл мамлекеттерге бизнес ачып, кайсы ɵлкɵгɵ «Вип Отель», беш жылдыздуу мейманканаларды салгандарын айтып берсем мага таң калды, «Мунун баарын сен кайдан билесиң?» деп. Аны менен катар ɵтɵ кейиди: «Мен баарын кеч билип калдым, учурунда билбей калбадымбы. Жанымда жүрүп эле жок болуп кеткенде аябай таң калдым. Булар артында былыгы болгону үчүн менден эртерээк качканга аракет кылышыптыр да…» дегенде мен: «Алар сизге билгизбей жасайт да, аларга кудай берип салды. Сизге жаңы келгенде эч нерсеси жок жүргɵндɵр бүгүн кандай турмушта, кандай үйдɵ жашап атканын, кандай машина минип жүргɵнүн карасаңыз» десем башын ийкеп унчуга алган жок. Макул болду. Анан айтат, «Мен аларды таза иштегиле деп айына 10 000 (он миң) доллардан ɵз чɵнтɵгүмдɵн берип турчумун» деп. «Алар сиз берген 10 миң долларды майда-чүйдɵсүнɵ, балдарынын ары-бери жүргɵнүнɵ эле коротчу. Алардын акча тапкан булагы башка жакта болчу» дедим. Баш ийкеп укту, кейиди, ошол кадрларды кызматка, болгондо дагы чечүүчү орундарга койгонуна ɵкүнүп жатканын билдирди. Сɵз арасында: «Кайра мүмкүнчүлүк болуп калса, ушуларды эле коет белеңиз кызматка?» десем, «Жок андай болсо, мен эми таптакыр башкача кылмакмын» дейт…

—Ошол күч структураларын жетектегендердин мыйзамсыз иш алып барганы аныкталса, алар да жоопкерчиликке тартылышы керек да?

—Аны Атамбаев ɵзү деле айтты. Алардын мыйзамсыз иштери далилденсе, жаза тартылыш керек деп…

—Кайрадан сɵздү «селфи» темасына бурсак…

—Ошол биздин «селфи» сүрɵт интернетке чыкканда соц. тармактарда укмуш бирдирүүлɵр жазылбадыбы. Айрымдар биздин жылмайып түшкɵнүбүз боюнча сын айтышпадыбы, «Түлеев душманы менен кантип сүрөткө түштү» дегендей. Биринчиден мен чуркап барып жолуккан жокмун, ал өзү келди: «Экөөбүз бир сүйлөшүп албайлыбы» деп. Анан чогуу олтуруп баарлаштык. Экинчиден, мен айтчу сɵздɵрүмдүн баарын экс-президенттин бетине айттым, мени кандай кордук менен кыйнаганын, президенттин атынан (ред. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев) кимдер келип канча акча сураганын, кимдердин эмне дегенин. Атам-менен апамдын эмнеден улам эрте ɵтүп кеткенин, алардын ɵлүмүнɵ себепкер болгонун кɵзүнɵ тике карап айттым. Ичимден уйгу-туйгу болуп, ичимден сыздап турсам дагы мен ошону билгизген жокмун. Ал жерде менин кандай бушайман болгонумду ɵзүмдɵн башка эч ким билбейт. Бир гана менин максатым айтчу сɵздɵрүмдү айтып алуу болду, мен баарын ачык айтып максатыма жеттим. Ал эми жылмайып түшкɵн «селфи» сүрɵткɵ түшкɵнүбүздүн себеби башында айтып ɵткɵндɵй элге аман-эсен жеткенибизди билдирип коюш эле болгон…

—«Карап койсо күлдү депкүлүп койсо сүйдү» дегендер сиздердин учактагы«селфиден» соң «Атамбаев+Түлеев» тандеми түзүлдү деп жар салып чыгышпадыбы? Мындан аркы Атамбаев менен болгон мамилеңиз кандай ɵңүттɵуланат?

—Учакта бирге учуу, анан жанашып бир жолу «селфи» кылып койгон тандем түзгɵнгɵ жатабы? Кызыктай адамдар бар. Менин жолум башка, экс-президенттин жолу башка. Ал узап атып айтты: «Нариман Бишкектен дагы жолугалы, сүйлɵшɵлү» деп. Мен айттым: «Жо-ок, экɵɵбүздүн жол башка, сизге эми эмне деп жолугам? Андан кɵрɵ менин мыйзамсыз ɵтүп кеткен мүлктɵрүм боюнча кɵрсɵтмɵ берип коюңуз, мага ошол жетиштүү» -деп.

(Уландысы кийинки санда)

Амантур Мусагул уулу 

Булак: Де-факто

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу