Наргиза: «Бакыт экөөбүз той-кечелерде көп эле көрүшүп калабыз. Мен аны балдарымдын атасы катары сыйлайм»

Кыргыз шоу-бизнесинин бий тармагында да кош жылдыз бийчилер Бакыт Байсариев менен Наргиза бар эле. Сыртынан караган адамга бактылуу жубайлар катары көрүнгөн жубайлар, тилекке каршы, эки балалуу болгондон кийин эки жолго түшүшкөн. Учурда эки баласынын таттуу күндөрүн көрүп, аларга тарбия берүү менен алек болуп жаткан Наргизаны маекке чакырдык.

– Наргиза, элге бийчи катары таанымалсың, учурда хореограф болуп бий үйрөтүү менен алексиңби?

– Кызымдын атынан «Майрам» аттуу бий студия ачкам, ал жакта Сайкал деген жардамчы кызым иштеп атат. Мен болгону жумасына бир барып көзөмөлдөп турам. Анткени мен учурда кеңседе иштейм. Тактап айтканда, бир жылдан бери кытай компанияларынын биринде иштейм. Апам рак оорусунун биринчи стадиясы менен ооруп калды. Ошондо ушул компаниянын дары-дармектери менен толук айыгып кетти. Өз көзүм менен көргөндөн кийин менде толук ишенич пайда болуп, бул тармактык бизнеске баш-отум менен берилип кеттим. Мен азыр «Жашоодо кантип бутка турса болот?» деген темада сабак өтүп турам. Ошондуктан негизги жумушум бул жакта десем болот. Ал эми бий — менин балалыгымдан берки кыялым.

– Кызың да бийлейби? Анын «Жалын бий» деген бийге тойлордо бийлеп жаткан видеосун интернеттен кызыгып көрдүм эле.

– Ооба, кызым да, уулум да жакшы бийлешет. «Кыз кыял» деген топтун бийчилери менин студиямда даярданып жатышканда кызым аларга кошулуп алган. Ал топ мурда жакындарынын гана тойлору болсо бийлешчү, кийин видеосу интернетке тарап кетиптир. Азыр элдер тойго чакырып атышат.

– Учурда эки балаң менен кайда жашайсыңар?

– Мурда эки балам болуп Ак-Өргөдө кайнене, кайнатам менен чогуу турчумун. Жайдан бери ата-энем менен бирге жашадым, алар мага балдарды карашып жардам кылышты. Бирок оокаттарымдын баары кайындарымдыкында, ал жактан толугу менен көчө элекмин. Жакында кабат үйлөрдөн эки бөлмөлүү батир сатып алдым. Азыр акырындан көчүп атам.

– Бакыт сага үй алып берем деген эле…

– Жок, Бакыт алып берген жок. Бул батир ата-энемдин, азыр мен иштеп жаткан жумуштун күчү менен өзүм аракет кылып тапкан каражатка алынды. Чынын айтсам, мынчалык кыска убакытта үйлүү болуп калам деп ойлогон эмесмин. Үй алып ичин оңдоп-түзөп, азыр кирип жатканыма өзүм деле ишенбей кетем. Бакыт деле: “Батир алып берем”, — деп атат, балким, алып берип калат. Ал тууралуу азыр сүйлөшпөйбүз деле. Эки баласынын ырыскысына алып берип калар.

– Балдардын чыгымдары бир топ болот эмеспи. Бала бакча, мектеп дегендерге берилчү каражаттарды кимиңер төлөйсүңөр?

– Балдардын чыгымдарын Бакыт экөөбүз бирдей эле төлөйбүз. Мен Бакытты жамандагым келбейт. Ал үй-бүлөгө жакшы караган адам. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө эле өз алдынча болгон адам эле. Чынын айтсам, ошол сапаттары менен мага жаккан. Үй-бүлө курганыбыздан кийин деле бизди бардык жактан камсыз кылып, сонун карады. Ал жагынан ага болгон нааразычылыгым жок. Биз жашап жүргөндө балдарын кандай жакшы көрүп, кандай камсыздап келген болсо, ушул убакка чейин ошол калыбынан жазган жок. Балдарды эс алуу күндөрү алып кетип турат.

– Экөөңөр ажырашкандан кийин деле кайындарың менен жашап жүргөнүңдүн себеби Бакыт менен табышам деген ой болдубу?

– Кайнене, кайнатамдар абдан жакшы адамдар. Бакыт да жакшы адам. Бирок жашоодо ар кандай биз күтпөгөн нерселер болуп кетет экен. Ошондой учур биздин башыбызга келип калды. Кыргыздын менталитетинде «эл эмне дейт?» деген түшүнүк бар го, мен көп убакыт ошентип жашап жүрдүм. Бирок кийин Бакыт менен сүйлөшүп: «Жактырган адамың менен жаша», — дедим. Биз расмий түрдө ушул жылдын 5-февралында ажыраштык. Ал ошондо: “Эки айдан кийин үй алып берем”, — дегенинен, эки айдан кийин чыгып кетем деп ойлогом. Ага чейин официалдуу түрдө ажырашпагандан кийин көзүмдү жумуп өзүмдү ал үйдө келин катары эсептеп жүргөм.

– Сыртыңдан караган адамга лидерлик сапатка ээ, айтканын бербеген айым катары көрүнөсүң. Бакыт экөөң, балким, лидерликти талашып, ажырашууңардын себеби ошол болдубу?

– Менин лидерлик сапатым Бакыт менен жашап жүргөндө жок болчу, азыр чыгып атат. Күйөөгө тийгенимден кийин баарын токтотуп, бала төрөп үй-бүлөгө карап, эркек акча таап, аял балдарга тарбия берүү керек деген ураан менен жашап жүрдүм. Сегиз жыл жашадык, мен аял катары Бакытка баш ийип, анын чечимин сыйлачумун. Кичине кезимден эле аял эркектен бир тепкич ылдый туруш керек экендигин жакшы билем. Айрымдар сыртымдан бой көтөргөн, «стерва» деп ойлошот экен, тааныша келгенде айтып таң калып калышат. Жакындарым мени жакшы билишет.

– Хан сарай салдыңар эле, эми жашап ырахатын көрөрдө кетип калганга ичиң ачышкан жокпу?

– Ичим ачышпай сонун болуп чыгып кеттим деп айта албайм. Албетте, «кайда барабыз, эмне кылабыз?» деп ойлондум. Бирок такыр ичим ачышкан жок. Пейилди кең койсом Кудай Таалам мага минтип үй берип койду. Иштесем, буюрса, дагы чоңун алармын.

– Социалдык тармактардан Бакыттын үй-бүлөсү, сен болуп кечелерде бирге болуп калган сүрөттөрүңөрдү көрүп калабыз. Андай жерде Бакытты үй-бүлөсү менен көрүү сен үчүн оор эмеспи?

– Эгерде бир жыл мурун ошол көрүнүш болсо, мен жаман болмоктурмун. Азыр ал кырдаалдан чыгып, баарын түшүнүү менен карап калган кезим, жан дүйнөм тынч. Андыктан менде эч кандай сезим болбойт. Биз Бакыт экөөбүздүн досторубуз бир, андыктан алар мени гана же Бакытты гана чакыра алышпайт. Менден: «Бакытты чакырсак жаман көрбөйсүңбү?» — деп сурап калышат. «Ал тууралуу такыр ойлонбогула, бир столдо олтуруп калсам да жаман көрбөйм. Бакытты чакырып, мени чакырбай койсоңор деле таарынбайм», — деп калам. Андыктан той-кечелерде көп эле көрүшүп калабыз. Мен аны балдарымдын атасы катары сыйлайм.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу