Назми Байзакова идеалдуу адам деп кимди айтты?

Ырчы Назми Байзакова өзүнүн баракчасына ар түрдүү ой толгоолору менен дайыма бөлүшүп келет.Бул ирет ал өзүнүн күйөрмандарына идеалдуу адам кандай болору тууралуу собол салды.

“Өзүн идеалдуу деп эсептеген адам аябай тарынчаак болот деген сөздү окуп калдым бүгүн интернет булагынан. Бир туруп ‘’туура’’ деп кошулуп калам бул ой-пикирге,бир ‘’жок’’андай эмес деп калам. Сиздер кандай деп эсептейсиздер? Чындап ошондойбу?”,-дейт ырчы.

Ошондой эле ийгиликтүү болуу тууралуу да оюн билдирди.

“Адам баласынын каалоосу күчтүү. Дайыма бир нерсени каалап, жактырып, сүйүп, талап кылып турат. Бирок ошол жактырууга , каалоого, сүйүүгө, талап кылууга аракеттерибиз дал келбегендиктен көксөөбүзгө жетпей кыйналып жашап келебиз. Эгер ар бир жан каалоосуна жараша аракет кылганында баардыгы ийгиликтүү болушмак. Андыктан максат коюп кыялдарды аткарууга аракет кылалы! Аракет кылсан берекет достор!”,-деп билдирди Байзакова.

Окурмандары ага ар кандай жоопторду жазып, ой бөлүшүүдө.

Белгилей кетсек, Назми Байзакова «Бактым тоодой ушундай», «Манас» аттуу ырлары менен белгилүү.

БУЛАК:  zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу