Назми Байзакова: «Болор болбоско кайгырбайлы!»

Ырчы Назми Байзакова өзүнүн баракчасына күйөрмандарын Орозо айы менен куттуктап, жакшы тилектерин бөлүштү. Ал баарына сабыр тилей турганын айтты.

“Болор болбоско кайгырбайлы, көңүлдөр оорубасын. Күч кубат, сабыр! Башыңызга мүшкүл иш түшкөндө биринчи секундада сабыр кылыңыз! Сабырдын түбү сары алтын! Сабырдуулукту биринчи секундада кылган адамга жашоо ар дайым керемет. Сабырдуулуктун кереметтүүлүгүн сезиңиз! Сабырдуулук бул — керемет! Оронуздар кабыл болсун кымбаттууларым!”, – деп жазды ырчы.

Назми Байзакова «Бактым тоодой ушундай», «Манас» аттуу ырлары менен белгилүү.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу