Назира Айтбекова: «Үмүттүн жалынын өчүрүш оңой эмес …»

Алып баруучу Назира Айтбекова жөн эле ойлор хештеги менен өзүнүн күйөрмандары үчүн көптөгөн жан дүйнөгө жакын ойлору менен бөлүшүп турат. Бул ирет да Назира айым өздүк баракчасына төмөнкүчө жазып калтырган:

«Кирпигиңден сыгылып барып, жүзүңөн ылдый кулаган көз жашың, медериңе толуп турган сагынычың, көзүңдөгү «келип калар» деген үмүтүң мага тааныш.

Мага алар ушунчалык тааныш, көргөн сайын көмүлүп калган эски сагынычымды, акталбай калган үмүтүмдү жүрөгүмдүн тереңинен сууруп, бүтөлүп калган жаратымды тырмап турат. Улутунган, этекти уй жеген оор үшкүрүк , караанына зар болгон күдөр балалыгымда кызуу оюнумду бузуп, далай жолу санаанын сары талаасына ээрчиткен. Башында ошентет. Далай көз жашың жүзүңдү жууйт. Чычалайсың, чырылдайсың! Таламын талашасың! Ага сөз тийгизбейсиң, коруйсуң! Жаманатты кылгандарды жек көрүп, сөз жугузса кызыл чеке кырыласың!

Анын сенден алыстап, колуңду мурункудай кармабай, турмуш деген океандын ортосунда жалгыз калганыңда аңдайсың. Анда да ишенбейсиң. Үмүттүн жалынын өчүрүш оңой эмес анткени. Жашоонун оор ташын оодара албай кыйналганда дагы күтөсүң. Алгачкы ызаңда, биринчи жеңишиңде, күйүтүңдө, күлүшүңдө да жол карайсың! Башында үмүтүң өчө электе таттуу кыял ээлейт.

Таттуу кыялың кийин санаага айланат. Санааң сапырылып барып жыл өткөн сайын өңү өчүп, чаң басып жоголот. Сагынганың жашооңдо болуп көрбөгөндөй, көкүрөгүңдү өйүтпөгөндөй, карааны кошо таанылгыс болуп бара бара биротоло жоголот.

Кайдыгерлигине таарынба, жүрөгүңө жүк көтөрбө. Жаралышыңа көмөк кошкон тамчысына миң мертебе рахмат айт! Ошол жетиштүү…»

БУЛАК:argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу