Назира Айтбекова: “Чөккүм келген жок, жашагым келди…”

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова интернеттеги баракчасына дайыма жаңылап пост жазып, элдин көңүлүн буруп турат. Бул жолу апасынын ага айткан акыл-насаатын, кеңешин, сунушун жана ага коштоп азыркы жашоосун жазган:

“Ай кыз, жаш кезиңде эрге тийип, төрөп ал. Куурап каласың жалгыз. Карыганда эр түгүл ит карабайт, — дейт энем. Кайталайт улам. Кулагыма сиңсин дейт. Кайран энем чүкөдөй кемпир болуптурсуз. Толуп, болуп турган кезде эркектин да, аялдын да жумушун жасаган кайраттуу жан элең, эне. Жаның жер тартып, улам уйкуга жөнөйсүң. Ойгонгондо да мага санаа тартып жатканыңды айтасың да, жанагы сөзүңдү миң кайталайсың. Күлүп кутулам. Эртеңим эмне болоорун ким билсин?! Бирок таарынычым тарады. Жарам бүттү. Жайдары карап калдым жашоого. Чөгүп бара жатканда жандалбастап, чабак урасың го. Мен дагы ошенттим. Чөккүм келген жок. Жашагым келди, эне. Суу менен достоштум. Денеңди бош кое берсең, жашоодогу ар кыл көрүнүштү кабыл алып, сиңирип, кое берчүсүн кое берип, кечиргенди билсең, бут андан ары шилтенип кете берет экен, эне. Азыр чабак урам деп чамгарактап жатып колдорум чарчады көрүнөт. Жөн эле денемди бош кое берип жашоонун деңизинде каалгып жатам. Каякка сүйрөсө мейли дедим. Көпкөк асманды, күндү тиктейм. Каякка, кайсы агымга алып барат, кайсы багытты көздөйм билбейм. Жөн эле багынып, талпынбай, таалайыма ыраазы болуп, тагдырыма ырахмат айтып, каалгыган бойдон баратам…” деп жазды.

Албетте, Назира айымдын бул жазганына жылуу пикирлер, ага каалоо-тилектер жазылды.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу