Назира Айтбекова: “Сүйүү дегенде оюма “Фуууу” деген сөз келди…”

Алып баруучу Назира Айтбекова көп учурда өзүнүн өзгөчө билдирүүлөрүн күйөрмандары менен бөлүшүп келет. Бул ирет төмөндөгү билдирүүнү калтырып, көптөгөн талкууну жаратты. Анда,  “Сүйүү жөнүндө жазыңызчы- дегенде дароо оюма — Фууу! — деген сөз келди. Жинди го дедим ичимен. Бир эсе күлкүм келди. Чочуп кеттим. Тим эле жалкыгандай фууу деп!)) Өмүр бою сүйүүдөн сүйрөлүп жүргөнсүп…Балам да бир жолу, — Апа, чоңдор эмнеге ажырашат?- деп сурады. — Сүйүүсү түгөнүп, өчүп калат анткени, — дедим. — Ал эмне түбөлүктүү эмеспи? — Эне баланыкы, экөөбүздүкү түбөлүктүү! Башкасын билбейм, балам! Балким бардыр, — дедим ишенип — ишенбей. Өзүм тааный элек сүйүүнү чокума сүрөттөймбү? Мен сүйүү деген нерсе сүйүү эмес чыгып атса деп сүйлөнүп алдым ичимен. Ойлондум. Башында укмуш жалбырттайт. Жаныңда турса, демиңен башка эч нерсе угулбай. Делбектеп. Бутуң жерден кесилип. Башында баары кумарлуу. Анан экөөң бириңе-бириң көнүп калган соң, баары көнүмүшкө айланат. Ал тургай иренжиткен кемчиликтери көрүнө баштайт. Денең денесине тийгенде мурункудай титиребейт. Үй бүлө курган соң, романтика автоматтык түрдө жоголот. Романтикаң бириңди бириң багындырып аткан кезде эле болот окшобойбу. Үй бүлөдө титиреген сезим 3 — 5 жылда өлөт. Анан жөн эле бир туугандык, достук сезимдер калат. Өзүбүздү өзүбүз алдап, сүйүү балага өтүп кетет дейбиз. Баланыкы башка да! Бала үчүн байланып, ууланып, бирин бири жек көрүп, айласыздан чыдагандарга кыйын. Бала сезбейт деп ойлошот. Жаңылышат. Сыртта сүйүү жашап, бирок үйгө келип, башка милдетти аткарыш эки жүздүүлүк эмеспи же өзүн-өзү алдоо? Үйдөгү эл көзүнө деген «үлгүлүү» үй бүлөнүн кажети кайсы? Сүйүү дегениң алыстан, бири бириңдин ыкый — быкыйыңды көрбөгөн, өзүңө улам укмуш жарнама жасап, чач — башыңды оңдоп — түздөгөн кезде эле болчу неме го. Аны көр тиричиликке кийлигиштирбей эле койуу керектир? Тажатпай, таза тутса, узун сүрөттүр…антейин десең, бүлөнүн баркы кетет. Кыскасы, эки адамдын сүйүүсүнө тишим өтө элек. Өзүңдү өзүң сүй деген темада жүрөм азыр. Өзүңдү сүйгөндө анан өзгөнү сүйүп баштайттырсың… Х.З! Тим эле математикадан эсеп чыгарып аткандай, мээм чирип кетти го!))”- дейт алып баруучу  Назира.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу