Назира Айтбекова: «Кеңдикти башкага берип өзүбүз тар жерде жашайбыз, теңдикти ойлонууга мээ жетпейт!»

Теле алып баруучу, акыркы учурларда өзүн блогер катары сынап жүргөн Назира Айтбекова өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына адамдардын жашоодогу орду жана боорукерлиги тууралуу өзүнүн ой толгоолору менен бөлүштү.

«Жакыныңдын көңүлү үчүн өзүңдүн көңүлүңдү тээ туңгуюкка тыгып коюп жашаган кыйын! Ал батсын деп дүйнөгө кысылып алып жашайбыз. Кеңдикти беребиз башкага, тардыгы бизге. Теңдикти ойлонууга мээ жетпейт. Дароо эле жаман көрүп калсачы, көңүлүн оорутпайын деген ичибиздеги коркунучтар бизди башкарып алат. Сүйгөн адамың, жакын тууганың, досуң ж.б эч качан, — А сенин көңүлүңчү? — дебейт. Өзүң өзүңдүн территорияңды белгилеп, өзүңдүн эрежелериңди, мыйзамыңды окуп, алардын көзүнө сая көргөзүп койбосоң, тебелендидесиң! Алар дагы, сен дагы  Эч ким эч кимге эч нерсе эч качан милдеттүү эмес экенин түшүнүү кажет! Өзүң ары жагын түшүнүп ал деп туюктатып, кагазга ороп, катуу тийбесин деп жумшактатып айтабыз го. Уугум сага айтам, уулум сен ук деп. Өзүнчө эле маданияттын туу чокусуна чыгып алып эле. Бул көмүскө тилди түшүнбөгөндөр көп. Табышмактатып сен, ал жандырмагын тапкыча далай таарынышып, табышасың. Жөн эле болгонун болгондой бетке эле , түп түз,  далилдери менен балтайта айтсаң, дүйнөнүн мыйзамы бузулуп кетчүдөй туюлат. Ачыгын айтуу сонун! Жан дүйнөңдөгүнүн баарын төгүп, алдына жайып, ар бирин өз текчесине салып кой. Башка көйгөй чыкпайт. Өзүбүзгө өзүбүз лабиринт жасап алып, эшикти таппай убара боло бербей», -деп жазды Назира Айтбекова.

Көпчүлүк муну менен Айтбекова адамдар жашоодо өз ордун туура таба билүүсү керек, башкаларга боор орутпашы керек дегендей маанини айткандай кабыл алышты.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу