Назира Айтбекова: «Далайдын жүрөк оорусу болом…»

Учурда адамдын жашын улуу көрсөтүп сала турган “Face App” тиркемесин колдонуп жатышкандар абдан көбөйдү. Алардын бири алып баруучу Назира Айтбекова болду.

“Бул мен карыганда! Сулуу эле кемпир болот экем ээ сүлкүлдөгөн! Далай чалдын жүрөк оорусу болом да!”,-деп тамашалуу пост жазды Назира айым.

Анын бул сүрөтүн окурмандар кызуу талкууга алышууда.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова учурда 34 жашта. Ал белгилүү алып баруучу гана эмес, «Стоп Трафик», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем»,«Көк-Салкын» фильмдеринде жана бир катар долбоорлордо аткарган ролдору менен элге таанымал актриса.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу