Назгүл Мамытова, «Ачык саясат» гезитинин башкы редактору: «Рыспаевдин доо арызы боюнча судья Дүйшөмбиева негизсиз чечим чыгарды»

Назгул айым, биз соттук иш боюнча кабардарбыз. Ошентсе да иштин чоо-жайын сиздин өз оозуңуздан уксак? 

-Кожобек Рыспаев 2018-жылы 31-августта чыккан бир макала чыккан бир макала боюнча сотко берген. Ошол боюнча Октябрь райондук соттун судьясы Майрам Дүйшембиева «Кечирим суроо жана 300 миң сом» деп чечим чыгарган.

— Катуу го, өтө эле обужоктук эмеспи?

— Биз соттун бул чечимине таптакыр каршыбыз, сот 300 миңди негизсиз чечип берип койду. Анткени, Кожобек Рыспаев моралдык жактан кандай зыян тарткан, эмне болуп ооруган, 300 миң сомду кандай чыгым тартканы боюнча далилдүү документтерди анын жактоочусу көрсөтө алган жок. Бир тараптуу чечим чыгарып койду.

— Сот отуруму да аябай бүдөмүк өткөнсүдү эле?

— Беш жолу сот отуруму болду. Бөшөөндө тең Кожобек Рыспаев беш башка жактоочу менен келип атты. Жактоочулар иштешпей кетип калып атты окшойт. Бешөө беш башка доо-арыз апкелди. Акыркысы «бир миллион сом» деп келген. Сот биринчи доо-арызды 300 миң сом деп канааттандырды.

— Жогорку инстанцияга кайрыласыңарбы?

— Ооба, шаардык сотко кайрылабыз, эгер ал дагы ушул чечимди күчүндө калтырса, Жогорку сот деген бар. Биз демократиялык коомдо жашап турганга байланышту принципиалдуу түрдө сөз эркиндиги үчүн күрөшүбүздү токтотпойбуз жана кийинки инстанциядагы соттор адилеттүү чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

 

БУЛАК: Азиянюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу