Назбек, Нурайым: «Кантип үй-бүлө болуп калганыбызды өзүбүз билбей калдык…»

Бири комузда кол ойнотсо, бири скрипканын коштоосунда дүйнөлүк классикаларды ийине жеткире аткарат. Анан да алар бул аспаптарды айкалыштырып өзгөчө бир мукам чыгармаларды жаратып, элге тартуулап жүрүшөт.Бул маек чыгармачыл жаш үй-бүлөдөн куралган тандем Нурайым Азыкбаева жанан Назбек Кенчинбаев менен болмокчу.

-Нурайым, Назбек, саламатсыздарбы? Алгач чыгармачылыгыңарда болуп жаткан жаңылыктар менен бөлүшө кетсеңер…
-Назбек: Саламатсыздарбы? Чыгармачылыкта жаңылыктарыбыз аябай эле көп.Бир жума мурун эле Орусиянын Сочи шаарына барып, орусиялык жылдыздар менен бирге концертке катышып келдик.Бул концерт «Газпром» нефти компаниясынын атынан уюштурулуп, эки жылда бир өткөрүлүп турат.Кыргызстандын атынан жыл сайын Нурайым экөөбүз барып, талантыбызды тартуулап келебиз. Быйыл төртүнчү жолу барышыбыз.

-Нурайым: Анан, негизи, Назбек экөөбүз жеке концерт бере элек экенбиз.Күйөрмандарыбыз, кесиптештерибиз, жолуккан адамдардын баары эле «качан жеке концерт бересиңер?» деп калышат.Азыр болсо ошол суроонун үстүндө иштеп, концерт берүүнү пландап жаткан чагыбыз.Негизи, Назбек комуз менен дүйнөлүк классикаларды ойноп жүрбөйбү.Бул угуп жаткан адамга оңой көрүнгөнү менен аны комуздун күүсүнө келтирип иштеп чыгуу аябай оор.Ошондой эле скрипка менен кыргыз күүлөрүн ойноп чыгууда да көптөгөн кыйынчылыктар бар.Ошондуктан биз концертке буга чейин эл укпаган чыгармаларды иштеп чыгып, катардагы жөнөкөй эмес, шоу менен коштолгон концерт уюштуралы деп жатабыз.

-Нурайым, азыр скрипкада эле ойноп, мурункудай ырдабай калууңдун себеби эмнеде?
-Ошол жагын эми жандандырайын деп жатам.Ортодо турмуш-шартка байланыштуу тыныгуу болуп калды окшойт.Ыр жаздырууда дагы чоң жоопкерчилик керек.Мен, мисалы, жеңил-желпи ырларды ырдап чыгууну жактырбайм.Чыгарма жараткандан кийин ал сөзсүз түрдө элдин жүрөгүнөн орун алышы керек.Элге жагыш керек.«Үн десе үнүң бар, эмнеге ырдабайсың?» деп баары эле айтышат.Кечээ жакында эле жаңы чыгарма жаздырдым.Эми, буюрса, скрипка менен кошо ырдоону дагы чогуу ала жүрөм деген ойлорум бар.

-Чыгармачыл адамдардан куралган үй-бүлө башка үй-бүлөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат? Көп убактыңар үйдө эмес, чыгармачылык сапар менен эле өтөт болуш керек?

-Нурайым: Биринчиден, кайда болбойлу, дайыма чогуубуз. Бара турган жерибиз дагы бир студияда, тойлордо, концерттерде, деги койчу, бир суткада 24 саат болсо, ошол убакытты дээрлик чогуу өткөрөбүз. Мындан улам мурунку сүйлөшүп жүргөн кездеги «каяктасың, сени сагынып кеттим» деген сөздөрдү азыр кадимкидей сагынам.

-Назбек: Дайыма чыгармачылык менен алек болгонго дээрлик үйдө аз эле убакыт өткөрөбүз да. Ошондуктан «үйдө тамак жасалбай калды, оокат кылынбай калды» деген маселелер жаралбайт. Анткени мен Нурайымдын жумуш менен жүрүп чарчаганына өз көзүм менен күбө болуп жаткандан кийин андай майда-чүйдөдөн маселе жаратпай кафелерден эле тамактанып алабыз

-Ошондо жубайыңдын колунан тамак жебейт экенсиң да, ээ?
-Жоок, Нурайым бардык тамактарды даамдуу жасайт. Үй оокатына тың. Биз үйлөнгөндөн кийин бир жылча Көлдө менин ата-энемдин колунда жүрүп калдык да. Ошондо эле билгем, жубайымдын оокатка тың, тамактарды жакшы жасаарын. Эми азыр чыгармачылык менен жүрүп убакыт аздыгына байланыштуу экөөбүз тең бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасайбыз. Анткени чыгармачылык биз үчүн биринчи орунда.

-Экөөңөрдүн сүйүүңөргө эмне себепкер болду?
-Нурайым: Албетте, бизди музыка табыштырды. Кыргыз улуттук консерваториясында чогуу окуганбыз. Ал жакта репетицияларда, сабактарда чогуу болуп калчубуз дайыма. Ошол студент кезде эле Назбек айтып калчу, «комуз менен скрипканы айкалыштырып чыгарма жаратып көрбөйлүбү» деп. Ошол студент кезде эле барчу жерлерибиз бир болуп калчу. Самолёттон карасам деле Назбек жүргөн болот, концерттерде деле Назбекти кезиктирип калам. Ошентип жүрүп эле кантип анын жубайы болуп калганымды өзүм билбей калдым.

-Назбек, Нурайымды жактырып калганыңды качан билдиң? Кантип ушул чечимге келдиң?
-Негизи, адам менен сүйлөшө келгенде эле билинет анын кандай адам экени. Ал адамдын жанында өзүңдү эркин сезип, каалагандай сүйлөшө аласың, кысынбайсың дегендей. Нурайым экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Бирок чынында ойлогон эмесмин, келечекте жубайым болуп калат деп. Нурайым кээде тамашалап «сага эле турмушка чыгып алсам болмок экен» деп калчу. Ошентип тамашалашып жүрүп эле жубайым болуп калды. Баш кошор күнүбүз жакындай баштаганда кадимкидей эле сүрдөдүм. Анткени кайнатам кыргызга белгилүү инсан эмеспи. Анын астындагы жоопкерчиликти да ойлодум.

-Нурайым: Мен деле Назбекке турмушка чыгарда көпкө ойлондум. Турмуш куруу адамдын жашоосундагы эң олуттуу кадам эмеспи. Мен бир жолу турмуш көрүп жаңылгандан кийин экинчи жолу мындайга жол бербешим керек дедим. Бирок ичимде «ушул адам мени колдойт, коргойт» деген Назбекке болгон ишеним жашачу эмнегедир. Анан, албетте, атам менен дагы кеңештим. Ал дагы «экинчи жолу жаңылбагыдай бол, кызым, чечимди өзүң чыгар» деген ойду айтты. «Назбек кичипейил, адамгерчиликтүү, таланттуу жигит, ал жагынан кам санабайм, бирок сен өзүң аялдык чечимиңди чыгарышың керек» деди.

-Анан, Назбек колуңду кантип сурады? Тизелей калып шакек тагып, кучак толо гүл берүү деген жөрөлгөлөр жасалдыбы?
-2014-жылы Түркмөнстандын президентинин чакыруусу менен Түркмөнстанга  барып калдык. Ал кезде Назбек «Каганат» аттуу жалаң жигиттерден турган комуз ансамблинин жетекчиси болчу. Ошол жакка чогуу барып концерт берип, концерттен соң Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Аваза деген кооз шаары бар экен, бизди ошол жакка алып барышты. Анан шаар менен таанышып, сулуулугуна суктанып деңиз бойлой сейилдеп жүргөндө эле Назбек сөз баштап калды. Ал шаардын табияты дагы өзүнчө бир романтиканы тартуулап турган шаар экен да. Бир чети ошол себеп болдубу , билбейм, Назбек ичиндеги ойлорун айтты: «Нурайым, мен көптөн бери ойлонуп жүрдүм эле. Экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз, баш кошуп, чогуу жашаганга кандай карайсың?»- деп. Мен деле эми жаш кыз эмесмин да. Тим эле укмуш шок болуп, сүйүнгөнүмдөн ыйлап жиберип деген нерсе болгон жок. Анын үстүнө буга чейин турмуш көргөм, кызым бар дегендей. Ошолордун баарын эске алып, кайра өзүнө суроо бердим: «Сен өзүңө ишенип жатасыңбы? Кызым бар экенин билесиң да? Ата-энең кандай карайт бул чечимиңе?» десем, «мен бул тууралуу көпкө ойлонуп, анан чечим чыгардым. Мен деле жаш бала эмесмин, чыгарган чечимимди ата-энем деле колдойт» деди. Ошентип бир жылдай кыз-жигит болуп жүрүп, анан улуулардын батасын алып баш кошуп алдык. Азыр жашообуз, Кудайга шүгүр жакшы. Ынтымактуу жашап жатабыз.

-Назбек: Нурайым менден 3 жашка улуу. Аны баары эле билсе керек. Бирок менин оюмча, эки адамдын мамилесине ортодогу жаш айырмачылык тоскоолдук кылбаш керек. Эң негизгиси, биздин ойлорубуз бир, келечекке койгон максаттарыбыз, тилектерибиз бир. Албетте, үйлөнөрдө ортодо сөздөр болду, балким, жакшыраак ойлонуп, жаш кыз алат чыгарсың дегендей. Бирок, албетте, биздин мамилени бузайын деген ойдо эмес. Жөн гана туура чечим чыгар деген максатта айтылган болуш керек бул ойлор. А мен бул тууралуу эчак ойлонуп, Нурайым менен баш кошсом бизден жакшы үй-бүлө чыгарын баамдап, чечип койгом.

-Нурайым, кызың чоңоюп калса керек. Канча жашка келди?
-Кызым 6,5 жашта. Буюрса, сентябрда 1-класска барат.

-Назбекке жакынбы?
-Ооба, экөө аябай жакын. Үйдөн мени бөлүп коюшат. Назбек бир жакта жүрсө бат эле сагынып кетип, «папам менен сүйлөшөм» деп атайын телефон чалдырып сүйлөшөт. «Папама алып коём» деп жеп жаткан нерсесинен алып коёт, эгер Назбек үйдө жок болуп калса. Кызым 2,5 жашында баш коштук да, кадимкидей эле ата менен кызынын мамилесиндей экөөнүн мамилеси.

-А өз атасы кызынан кабар алып турабы?
-Нурайым: Жок, кабар албайт. Анын үстүнө ал адамдын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Негизи, Арууке боюмда кезинде эле биз эки башка жол менен кеткенбиз. Аны жаман адам дебейм. Эми жашоодо баары биз ойлогондой болбойт экен. Ортодо пикир келишпестик болду. Ошон үчүн таарынбай, эчтеке талашпай, бири-бирибизге бакыт каалап эле ушул чечимди кабыл алганбыз. Азыр мен бул жакта өз үй-бүлөм менен, ал өз үй-бүлөсү менен бактылуу.

-Кызыңар деги чоңоюп калыптыр. Эми наристе жытын жыттайын деген оюңар барбы?
-Нурайым: Ооба, үйлөнгөндөн бери эле бул нерсени пландап келебиз. Биз ойлогонубуз менен, баары буйруктан экен. Эми балалуу болчу күнүбүз деле алыс эмес чыгар.
Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

БУЛАК: Леди.кж 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу