М.Карыбеков, парапсихолог: «Атамбаевдин эки чоң жаңылыштыгы бири – Илмияновду чалчаңдатканы, бири – Текебаевди камаганы»

– Мелис байке, өткөндө эки айдан кийин саясат өзгөрөт. Бирок Атамбаев же Жээнбеков жеңет деп айтууга болбойт деген элеңиз. Ушул табышмакты чечмелеп бериңиз. Ал үчүн алгач Атамбаевдин бийликте тургандагы артыкчылык, кемчиликтери тууралуу сөз кылалы. Элге түшүнүктүү, сиңимдүү болсун…

– Кыргызда өзү бийликке, хандыкка болгон иммунитет жок. Башкача айтканда, укумдан-тукумга өткөн хандык мурас болгон эмес. Башкача айтканда, Рамановдордукундай, Осмон империясындагыдай бийлик атадан-балага өткөн эмес. Эл дагы бийликтин, хандыктын мыйзамын таанып, баш ийип жашаган эмес. Манастан кийин хандыктын учугу үзүлгөн. Кийинки Шырдакбектин хандыгы деле анча узакка созулган жок. Башкалар болсо өздөрүн хан атап алышкан менен чыныгы бийлик эгелери болушкан жок. Ошол себептенби, кыргыз баласы хандыкты көтөрө албайт экен. Хандыкка жеткенде эле акыл-эси тумандап, эл деген сезими мокоп, өздөрүн жоготуп коюшат.

Мына Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде, Кыргызстанда чоң өзгөрүү болот деген менде ишеним болгон. Мамлекетибиз башкача нукта өнүгөт деген үмүт чоң эле. Тилекке каршы, аруу тилек, максаттардын жарым-жартылайы аткарылса, көбү ишке ашкан жок.

– Маселен?..

– Биринчи жакшы жагын айтайын. Анан каталык, кемчиликтерине токтолом. Атамбаевдин жакшы иши катары – Көчмөндөр оюндарын өткөрүп, жолго койгону болду. Элибиздин унутулуп бараткан каада-салттарын жандантып, улут катары рухубузду ойготуп, улуттук намысыбызды тирилтти. Экинчиси, тарыхыбызды туура изилдөө багытында «Алтай форумун» өткөрдү. Муну деңгээли бийик, көрөңгөлүү адам гана жасай алмак. Үчүнчүсү, чындыгында эле чектен чыккан уурулар камалып, элдин ырыскысына кол салгандар акыры жазасын алаарын көргөздү. Экономикада өсүш болду. Бир топ ири өлкөлөр менен тең ата сүйлөшкөнгө жетишти. Кыргызстандын эл аралык деңгээлде аброюн көтөрдү. Көп эле жакшы иштерди жасады. Бул сырткы көрүнүш. Ал эми ички көрүнүштөргө токтолсом, кара дубанын айынан бир топ жаңылыштык кетирди. Убагында мен кара дуба тууралуу айтсам көпчүлүк түшүнбөй, мени кайра «кара дуба» атап күлүштү.

– Ошондо кемчилиги эмнеде болду?

– Атамбаевдин эки эле жаңылыштыгы бар. Бири – Икрам Илмияновду чалчаңдатканы, бири – Өмүрбек Текебаевди камаганы. Атамбаевдин элге жаман көрүнгөн, жипкирткен, коомдун кыжырын кайнаткан эң чоң минусу – шоопуру Икрам Илмияновго бийликтин эң жогорку саясий кызматын берип, билимдүү жигиттерди, окумуштуу профессорлорду, мен деген мыкты саясатчыларды башкарып калды. Менден башкасы Илмияновдон калчылдап коркушчу. Атамбаев бийликке келгенде мага окшогон айрымдар, ал жактагы кошоматчылык интриганы, тереңдикти түшүнбөптүрбүз. Көрсө Икрам ошондо эле башкача жол менен кетиптир. Окуганды билбеген, билими жок, саясат, экономика тууралуу түшүнүгү нөл шоопур бир күндө эле гений болуп чыга келди. Мен деген эр-азаматтардын баары анын алдында кулдук уруп калышты. Баарыбыздын оозубуз ачылып калды. Кийин байкасак, аркасында Аскар Шадиев турчу экен. Дагы башка адамдар турса керек. Тигиндей кыл, мындай кыл деп акыл айтып турган. Негизгиси кара дуба окулду.

– Кимдер окуду билсеңер керек?..

– Бир күнү азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев: «Мага ишенимдүү адамым айтты, көрүп келиптир, Икрамдын эжесинин үйүндө өңү буруу бир молдо киши жүрөт экен, кара дуба окуйт экен», – деп айтты. Ишенбесеңер Каныбектин көзү тирүү, азыр барып сурасаң болот. Эми мен аны мурун эле билчүмүн. Анткени жакшынакай турган агам Атамбаев башкача боло баштады. Анын көзүнө баарыбыз башкача көрүнүп, кагынып-силкинип, сөгүнүп-сагынып калды. Бир күнү мени чакыртып жибериптир бата берем деп. Анан бата алганы барып сөгүү угуп келдим. Анан аа «кара дуба» иштеп жатыптыр деп кетип калдым. Атамбаевдин бетине чындык айтчу киши мен болдум. Мунум «шоопурга» ыңгайсыздык жаратты. Манасты ширк деген балдар эл башкарып, мен дегендердин көбү шоопурдун кулундай болуп, баш көтөрө албай калышты.

– Сиздер эч нерсе кылбай эле отуруп бердиңиздерби?

– Бир жолу аракет кылдым. Эски партиялаштар чогулуп, Атамбаевге биз же шоопур деген маселени коёлу дегенге токтодук. Анда спикер Асылбек Жээнбеков болчу. Ага кирип, биз Атамбаевге ушундай талап менен кирели деп жатабыз, сиз кирип сүйлөшүп бериңиз деп айттык.

– Эмне үчүн Асылбек Жээнбеков аркылуу кирели дедиңер эле?..

– Себеби Атамбаевге түз кирүү ал кезде мүмкүн болбой калган. Шоопур баарыбызга шлагбаум коюп салган. Үч эле адам – шоопур, Фарид Ниязов, анан Жээнбековдор кирип-чыгып калган. Калгандарыбызды жолотпой коюшту да. Ошол себептен Асылбек аркылуу айттырганга аргасыз болдук. Натыйжада Асылбек «Мен кирип айтып, жагдайды түшүндүрөйүн, силер ызы-чуу кылбай тургула» – деди. Кийин «Кирбей эле койгула, эч нерсе өзгөрбөйт» – дегенди айтты. Бир жолу жеңеге жолугуп, Икрам эмнеге байкемди күйөөсүн кызгангандай кызганат деп айттым. Кийин баарына кол шилтеп койдум.

– Сиз бардык нерсени беттерине айтчумун деп жатасыз. Убагында Икрамга эч нерсе дей алган жоксузбу?

– Айткам. Шоопур ылдый түш. Ким элең, ким болдуң? Эртең эле көчөгө баса албай каласың. Балдарың көчөгө баса албай калышат, сенин кесепетиңден. Эл-журттан чыгып, талаада каласың дегендерди айткам.

– Сизди кадрдык маселелерге аралашып, бир топ адамды кызматка койдурду деген сөздөр айтылды эле го…

– Эми мындай, ал кезде Атамбаевдин көзү ачыгы, бакшысы, сыйкырчысы «кара дуба» Карыбековдун кеңешисиз эч кимди кызматка койбойт экен деген сыяктуу сөз тарап кетти да. Чындыгында мен бир да кишини кызматка коюп бериңиз деп суранган эмесмин.

– Ошол эле КСДПнын эски мүчөлөрү, революцияда Атамбаев менен үзөңгүлөш болгондор «Биз четте калдык, бардык жакшылыкты такыр башкалар көрүштү» – деп нааразы болушту. Чын эле эле ошондой болдубу?

– Туура ошондой болду. Канчалаган балдар шейит кетти. Бийлик кан менен орноду. Маселен, Сапар Исаков ойлогон эмес да, арбактардын үстүнөн бийликке келээрин. Анын революцияга эч тиешеси болгон эмес да. Азыркы абалга туш болгонун себеби да ушул нерседен көрөм. Мен президенттин тегерегинде манасчылар болсо деп тилек кылаар элем. Анткени манасчылар энергиясы, дили таза балдар. Аларда Манастын энергиясы бар. Жаман нерселерден коргойт. Кара дубадан сактайт. Ошол үчүн өлкө жетекчилеринин, президенттин жанында манасчылар болуш керек деп жатканым ошондон. Сооронбай Жээнбековдун президент болуп калышынын бирден-бир себебин, Алтайга барып Манастын туулган жерине таазим кылып келгени менен байланыштырам.

– Азыркы учурдагы Атамбаевдин абалы, келечеги туурасында эмне айта аласыз?

– Атамбаев бийликтен кеткенден кийин барып жолуктум. Баягы агам жок, ылдый түшүп, мага окшогон эле адам болуп калыптыр. Башын айланткан Икрам жок, жай отуруп жакшы сүйлөштүк. Эки нерсени айттым, кыргыз тилине көп көңүл бурбай койдуңуз десем, «Менин учурумда тилге эң көп акча бөлүндү» – деп айтты. «Райым миллион» тууралуу айтсам, “Мен анын махинацияларын билген эмесмин” – деп жооп берди. Азыр бул кишиге тынчтык эле керек. Элдешип эле тынчтык жолу менен сүйлөшүп кепке келбейсиңерби десем, ага даяр. Жайына койсо бийликке келейин деген ою жок экен. “Убагында Усубалиевди деле 3-4 жыл жамандашкан, анан мактап башташкан, мен деле ошондой болом” – деп каткырып койду. Мен Атамбаевди жакшы билем, бул киши сына турган, коркуп кала турган адам эмес. Ал «Мен өлсөм да качпайм» – деп айтты. Учурда саясатка айла жок бара жатат.

– Сиз Жээнбековду президент кылып, анан өзүм башкарам деген оюңуз болду беле деп сурап көрдүңүзбү?

– Сурадым. Башкарайын деген максаты болбогонун, колдон келген көмөгүн, жардамымды берем деген гана ниетте болгонун айтты.

– Атамбаевдин жаңылыштыгы катары Текебаевди каматканы болду дедиңиз…

– Мен айылдан келсем, Текебаевди камап салды. Эл митинг кылып жатат дешти. Мен бардым ошол митингге, Текебаевди чыгаргыла дегендерге кошулуп. Чындыгында Өмүрбек агамды мен жакшы көрөм. Чын ниетимден баргам. Атамбаевдин кемчилиги Текебаевди каматканы болду. Кийин өзү деле өкүнгөнүн билдирди го. Экөө тирешип, чабышпай ынтымакта иштешиш керек болчу. Албетте, Текебаевден дагы көп күнөө кетти. Такыр эле сөзгө келбей, ичине жин кирип кетти. Жин бул мүнөз эмес. Жин бар. Жин – бул терс энергетика… Бүгүнкү күндө Текебаевдин деңгээлиндеги саясатчы калган жок. Анын тагдырын кыргыз эли чечип коюшу мүмкүн…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу