«Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болушу мүмкүн»

Эгерде «Бажагейт» жана бажыдагы чуулгандуу иштерден туура тыянак чыгарылбаса, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүн экенин Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча коомдо айтылып жаткан пикирлер мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо процесстерине негиз болуп турат. Мындан улам, президент Сооронбай Жээнбеков командасы менен «Бажагейт» жана бажыдагы чуулгандуу иштер боюнча тыянак чыгарышы зарыл.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу