Мөңгүнүн талкаланышын коргогон Айтмамат Назаров энергетиканы жетектейт

“Күмтөр” алтын кенин иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясына мөңгүлөрдү талкалап, иштей берүүсүнө  жалпы эл каршы чыкканына карабай, канадалыктардын жактоочусуна айланып, парламентте кол көтөрүп турганы менен эсте калган Айтмамат Назаров депутаттык ишин токтотуп, улуттук энергохолдингдин жетекчиси болуп дайындалды. Айтмамат өмүрүндө энергетика тармагында иштеп көрбөптүр. Арак заводунда директор, пиво заводунда президент болуп иштеген Назаров энергетиканы алып кетет дегенге ишеним аз. Энергохолдингге энергетикадан түшүнүгү жоктор барып алып,тармакты сазга батырганын көрүп келатпайбызбы. Айтмамат дагы ошолордун бири болбосо эле болду.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу