Мээрим Толепберген: «Чыгышта баары башкача…»

КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы, бизнес-леди Мээрим Толепберген жаңы долбоорго реалдуу баяндарды издеп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

“Бүгүн коучерлер жана белгилүү адамдардын көп кызыктуусөздөрүн карап чыктым. Баардыгы тең эле “өзүңдү сүй” деп айтып жатышат. Биз бул батыш экенин түшүнүп турабыз, бирок чыгышта баары башкача. Балдар, турмуш-тиричилик, үй-бүлө, жумуш, социум жана Мен деген нерсе бар. Эми орточо статистика менен алганда 100 пайыздын 10 пайызы гана каалагандай жашаган кыргыз келиндерин карап көрүңүздөр. Калган 90 пайызы эң аз дегенде төрөттөн кийинки депрессиядан чыгышкан эмес, же чыгышкан болсо дагы баарын өз жондоруна көтөрүүгө аракет кылышат, же болбосо бороондун алдындагы кара булуттардай болгон күйөөсү бар. Же аялы жыландай болуп тиштеп салат. Андай болсо “дүйнө мени сүйөт, мен дүйнөнү сүйөм” дегендин орду кайда? Дагы ашыкча салмак, таарынычтар, безеткилер жана бырыштар тууралуу жазган жокмун. Кыскасы жаңы долбоор үчүн сиздердин реалдуу баяныңыздар жана кантип каарман болуп чыкканыңыздар керек. Айымдар пикир бөлүшүңүздөр. Бүгүн мен сиздердин өзгөчө курбуңузмун”,-деп жазды инстаблогер.

Окурмандар ар кандай пикирлерин калтырып жатышат. Долбоор кызыктуу болот деп үмүттөнгөндөр көп.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу