Мээрим Толепберген: «Балаңызга көп ирет кыйкырасызбы?»

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти, ырчы Мирбек Атабековдун жубайы, бизнес-леди Мээрим Толепберген ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы улуттук элчиси катары балдарга карата зомбулукту токтотуш үчүн петицияга кол коюуга коомчулукту чакырды.

“Сиз балаңызга элдин көзүнчө көп ирет кыйкырасызбы? Менчи? Баардык балдар эмоция көрсөткөнгө акысы бар, а биз чоңдор аларды түшүнбөйбүз же таптакыр эле кабыл албай коебуз. Биз аны урушканда күчүбүз менен нерв кетет, ал эми бала коркунуч менен “мени жакшы көрбөйт” деген сезимдерге кабылат. Ата-эне болсо өзүн күнөөлүү сезип бала менен ата-эненин ортосунда түшүнбөөчүлүк пайда болот. Бул болсо өз кезегинде баланын толук кандуу адам болуп калыптанышна тоскоол боло турган бир канча бөгөттөргө алып келет. Эмне кылыш керек? Баланы жөн жана түшүнүп жана жакшы көрүү керек. Аны менен сүйлөшүү керек. Зомбулук эч качан жакшылыкка алып барбайт.“Сүйүү дүйнөнү сактап калат” деп бекеринен айтылган эмес. Сүйүү сиздин баланы куткарат жана чоңойтот”,-деп айтты Мээрим айым.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу