Мээрбек Мискенбаев: «Мындан ары «Бабанов» деген сөз кыргыз саясатынан чийилиш керек!»

Ажобузду сындап жазган Анатай Өмүркановдун ырын окудуңузбу?

-Биринчиден мен да таластыкмын. Биз эл сыйлаган аксакалыбыз сасык саясатка аралашпай койсо дурус болмок. Эгер Бабанов ошончолук баатыр болсо, Анатай Өмүрканов ыр арнагандай шер болсо, анда жүз миңдеген элди таштап, жеке кызыкчылыгы үчүн керт башынын амандыгын ойлоп качмак эмес. Бул — суу жүрөктүк, коркоктук. Бабанов саясатчы эмес, базарчы, соодагер. Президенттин сөзүн бурмалап элге жеткиргендер Бабановду колдогондор. Анатай агайдын башын айлантып, ишенимине кирип, ушундай ырларды чыгарткан да Бабанов болду. «Мени 600 миң киши колдоду» дейт, анда кара башын катып жатпай келбейби, чындыгын далилдебейби?

Мындан ары «Бабанов» деген сөз кыргыз саясатынан чийилиши керек. Акындын жүрөгү таза болоорун билип, Анатай агайды алдап, азгырып кетти. Ага болушуп аксакалыбыз ыр жазып, итсиң, битсиң, Назарбаев дегени туура эмес болду. Алмазбек Атамбаевдин эмгегин эл билет. Кыргыз болгон соң Назарбаевге жан тартпай эле койсо болмок. Назарбаевдин алжып калган чал экенин айтып, казактар көзүнө жаш алып олтурат. Анан ошол чалга салыштырып биздин президентти битсиң дегени жаңылыштык болду…

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу