Мээнин иштөө функциясын начарлаткан факторлор…

Уйкусуздук

Изилдөөлөр боюнча акыркы он жылда адамдардын уйкусу 20 пайызга азайгандыгы айтылат. Уйкусуздукка кабылган адам өзүн абдан начар сезет. Андыктан уйкунун мээге таасири күчтүү экендигин унутпаганыбыз оң.

Эртең мененки тамактан баш тартуу

Адамдардын күндүз ийгиликтүү жумуш аткаруусу үчүн-эртең мененки тамактанууга байланыштуу. Эгерде сиз таң эртең мененки тамактануудан баш тартсаңыз, анда каныңыздагы канттын өлчөмү азаят. Мындай абал мээнин иштөө функциясына терс таасирин тийгизет.

Тамеки чегүү

Тамеки чеккен адамдардын эң алгач тиши саргайып, өпкөсү жабыркайт. Ошондой эле тамекинин курамындагы никотин мээге зыян алып келип, альцгеймер оорусун пайда кылат.

Суу

Организмдеги суунун жетишпестиги мээге чоң таасирин тийгизет. Биринчиден-эске сактоо тутумуңуз начарлайт, экинчиден-эч бир адамды сүйбөй каласыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу