“Мэр болсом” деген кыялы бар Султанов

Таалайдын тайкүлүк аргымагы алтын така менен так маңдайга тепкен чиновниктерибиз
арбын. Качан көрсөң, май-көл, сүт-көлдүн үстүндө жүрөт. Алсак өкмөт башчынын
кеңешчиси Калыкбек Султанов жакынкы күндөрү Бишкек шаарына мэр болуп келет
деген сөздөр желдей тарап, кызуу талкууланууда. Бирок, баштагы акылы менен эмес,
капчыгынын калыңдыгы аркылуу бийликке аралашкан бул жигит транспорт жана
жолдор министри болуп иштеген маалда кыйраткан эмес. Демек, ал жүрүшү менен калаа
башына келсе да жыргатпайт. Ал эми азыркы мэр Албек Ибраимов маңдай терин төгүп,
түзүк иштерди жасоодо. Кулматов башкарган кезде таштанды көйгөйү курчуган, азыр
анын жыты да жок. Ошону менен бирге ички жолдорду оңдоодо иш алдыга жылып, бир
жылдын ичинде борбордо жаңы жолдор салынды. Айтор, саамалык боюнча айта берсе
сөз арбын, ишти аксатпаш керек. Негизинен Иса Өмүркулов менен Албек Ибраимовдой
мэрди табыш кыйын.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу