МЫРЗАҢЫЗ КАЙСЫ АЙДА ТӨРӨЛСӨ – ЖАШООҢУЗ ДА ОШОНДОЙ БОЛОТ!

Кандайдыр бир илимий далилдери жок, бирок, адам төрөлгөндүн биринчи айында реалдуулук менен аралашып, анын болочок адаттары менен психологиясы калыптанат.

Январдын эркеги

Бул эркектер өтө шашма жана тартынбаган адамдар болушат, бирок калп айтканды билбейт – аны баалаш керек. Январдын эркектеринде, аларды каалаган максатка жеткирчү лидерлик сапат бар. Эгер сиз анын өзүмчүлдүгүн кечире алсаңыз, анда ал сизди бактылуу кылат.

Февралдын эркеги

Кызыктуусу, февралдын эркеги бир убакта эле күчтүү жана жумшак көңүл мүнөздүү болушат, анан дагы, келечек тууралуу дайым ойлонуп турат, ошентип маанилүү чечимдерди бат жана туура кабыл алгандыктан, бул анын күчтүү сапаты болуп саналат.  Эсиңерде болсун, ал үчүн үй-бүлө ыйык нерсе, ошондуктан анын чынчылдыгынан эч качан кам санабаңыз.

Марттын эркеги

Марттын эркеги ар кандай авантюраларга катышканды жактырбайт жана эгер өзүнүн чын экенине ишенсе, эч качан бирөө менен макул болбойт. Ал катуу тартипти сактайт, ошондуктан айланасындагы адамдарды дагы ошондой болуусун талап кылат. Мамилелерде лидерлик позицияны тандабайт, ошондуктан, ресторан менен кинону өзүңүз эле тандай берсеңиз болот.

Апрелдин эркеги

Перфекционисттер – бардык нерседен идеалга жетүүнү максат кылышат. Өзүнүн экинчи жарымына абдан назик жана жумшак көңүл болот, бирок керектүү кезде катуу дагы болуп коё алат. Маани берчү кичинекей пункт – абдан тазаны жактырган адам, майда-чүйдө тактарды кечирбейт.

Майдын эркеги

Майда төрөлгөн эркектер бардык нерсени дайым өзү каалагандай кылат, ошондой эле өз күчүн эсептей билишпейт, ошондуктан алардын ишке ашпай калган нерселери арбын болот. Өзүнө кайдыгер болгондорду көтөрө албайт, ал эми коллегаларынын арасында авторитеттүү болушат.

Июндун эркеги

Июндун эркектери коомдун көз карашына башын оорутпайт, себеби алар өзүнүн кыйындыгына жүз пайыз ишенишет, бирок анткендин себеби бар. Айымдарды өзүнүн акылы жана сүйкүмдүүлүгү менен тартат.

Июлдун эркеги

Бул айда төрөлгөн эркектер абдан жайбаракат жана сабырдуу болушат, ниети таза эмес адамды жанына жолотпойт, бирок ишенчээктигинин айынан көп жабыркайт. Жакындарынан, ага кээ бир убакта жетишпей турган коргоо менен коопсуздукту издейт.

Августтун эркеги

Бул эркектер ишенимдүү адам жана мыкта ата болушат. Адамдарга жардам бергенди жактырышат, себеби ал ага ыракат алып келет. Элдерди эң жакшы башкара билген мыкты жетекчи болот. Бир нерсени эки жолу айтканды жактырбайт – анын стили кыскалык жана нускалык.

Сентябрдын эркеги

Сентябрдын эркеги болуп жаткан нерсенин көңүл чордонунда болуусу үчүн достору менен коллегаларынын назарына муктаж болушат. Алардан жакшы башкарма чыгышы мүмкүн, себеби, оңой эмес кырдаалдарда дипломаттык талантын көрсөтөт. Бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөргөндү жактырат.

Октябрдын эркеги

Октябрдын эркегинде логика менен интуиция жакшы өнүккөн, бул эркектер өз керт башына тиешеси жок жоруктарды кылганга жакын, бирок андан өзүнө пайда чыгара алат. Кыздар абайлагыла, эгер алардын алдына милдет же сүйүү деген тандоо койсоңор, ойлонбостон биринчисин тандайт.

Ноябрдын эркеги

Ойчул жана олуттуу, салабаттуулукту баалайт жана ар ким менен тил табышат. Мамилечил, бирок жалгыздыкта болгусу келген көз ирмемдер да болот. Эгер ушул эркекти тандасаңыз, анда билишиңиз керек – ал олуттуу мамилеге муктаж, жайлуулук менен тынчтыкты жактырып, бош убактысында үйүндө болгонду тандайт.

Декабрдын эркеги

Бул айда төрөлгөн эркек эмгекчил жана дымактуу болот, жашоодо өзгөрүүлөрдү жакшы көрөт, себеби бир түрдүүлүктөн бат тажайт. Мамиледе өтө эле консервативдүү, анын аялы жумушта иштебеши керек, себеби, а өзү үй-бүлөсүн жалгыз камсыздай алат.

Булак: anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу