Мырзакматов: «Түркияда Жээнбеков менен жолугууга аракет кылган эмесмин…»

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов elgezit.kg сайтынын журналисти менен маектешип, өзүнө коюлган айыптар, азыркы жана мурдагы бийлик менен мамилеси жөнүндө кенен айтып берген.

Анда Мырзакматов азыркы президент Сооронбай Жээнбеков губернатор болуп турганда экөө тыгыз иштешкенин, бирок ошол кездеги борбордук бийлик аны каралаш үчүн ар кандай маалымат таратканын айтып берген. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга барган учурда жолугууга аракет кылбагынан белгилеген. Болгону Мырзакматов президент келген мейманканада башка иштери менен жүргөн.

— Ошол күндөрү Орусиядан келген конокторум бар болчу, — деди ал. — Буйрукту карасаңыз, отелдин 10-кабатында Сооронбай Шарипович, 9-кабатында мен жатып калыпмын. Мен эл аралык протоколду жакшы билген адаммын, президентке пландалбаган шартта жолугууга аракет кылган жокмун. Мындай шартта жолугуунун өзү акылга сыйбаган нерсе. Өзү ал киши мамлекеттик расмий сапар менен келип жатса, анан эле капталдан мен чыга калып протоколду бузсам, кадимки тентектин иши болуп калбайбы.

Мырзакматов иштеп турган учурда эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганын, кылмыш иши ойдон чыгарылган деп эсептей турганын айткан. Ал бозгун эмес экенин белгилеп, бирок Кыргызстанга качан кайтып келээрин ачыкка чыгарган эмес.

Бишкекте 1-мартта Мырзакматов түзгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, анда аткаруучу комитеттин катчысы болуп Клара Сооронкулова дайындалган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

БУЛАК:azattyk

Аргумент.kg
Жооп калтыруу