Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов, Өкмөт башчы Абулгазиев тууралуу чындыкты ачыкка чыгарды

Өкмөт башчы М. Абулгазиевдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов Абулгазиев тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

—Урматтуу кесиптештер!
Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман дегендей Өкмөт башчынын тегерегинде акыркы күндөрү болуп жаткан маалыматтык сокку тууралуу үн катып койсом. Ушу Чыңгыз такыр унчукпаган неме деп жатсаңар керек.

Премьер-министрдин үй-бүлөсү жана бир туугандары жөнүндө кызуу талкуу белгилүү саясатчы агабыздын интервьюсунан кийин күч алды. Азиз Абылгазиев мырза өмүр бою фармацевтика тармагында эле иштеп келе жатат, ага инисинин эч кандай тиешеси жок, өзүнүн оокатын өзү эле кылып келет. Ошондон улам Баш бакандын бир туугандары тууралуу маалымат чыгарууну туура көрдүк. Аны чыгардык, талкуу токтогон жок. Андан кийин үй-бүлөсү тууралуу бир кесиптешим сурады, макул деп жооп бердим. Белгилеп койсом!!! БАЛДАРЫ жөнүндө маалыматты эч кимге тараткан да, жарыялаган да эмеспиз (бөлүм тарабынан). Инсан болгондон кийин катачылык кетет экен, кесиптешим тарабынан түшүнбөстүк орун алып ызы-чуу эле болуп калдык. Ошонун айынан бир мамлекеттин Премьер-министринин үй-бүлөсү жөнүндө социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында абдан катуу талкууга алынып, аша чаап кеттик деп ойлойм. Ар бирибизде да тууган-урук бар, алар дагы ар кайсы тармактарда иштешишет, өз эмгектери менен оокатын кылып келишүүдө. Алардын барын ырбата берсек туура эмес болчудай.

Кесиптештер жана мекендештер! Үй-бүлө бул ыйык нерсе! Эч ким үй-бүлөсү, балдары тууралуу ашыкча сөз айткысы келбейт, анткени ар бир үйдүн (мамлекеттин) сыры болот. Айтылчу жана жарыяланбай турган да ньюанстары бар. Ар бирибизде бала бар. Балдарыбыздын ата-энесинин кесибинен, кызматынан улам басмырланып, өзүн ыңгайсыз сезип, стресс болуусун эч кимибиз каалабайт болушубуз керек. Бул ден-соолукка да таасирин тийгизет. Андыктан балдар темасына келгенде абайласак, урматтуу кесиптештер, мекендештер!

Өкмөт башчынын кызынын АКШдагы окуусунун “контрагы” жөнүндө да сөз болуп жатат. Биз эмне үчүн башкалардын ийгилигине кубанбашыбыз керек?! Ошол жерден илим, билим алып, кайра эле ушул биз жашап жаткан мамлекетке пайдасын тийгизет да. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыркы тапта чет жакта окуп жаткан жаштарыбыз көп. Алардын арасында белгилүү саясатчылардан баштап, катардагы мугалим жана аймактардагы дыйкандардын балдарына чейин бар. Учурда өлкөбүз билимдүү, кесипкөй кадрларга муктаж болуп турганда, чет өлкөлүк окуу жайларда билим алып, чет тилдеринде эркин сүйлөп, Кыргызстандын келечегине салым кошо турган мекендештерибиз болгону жаманбы? Мен буга чейин Жазгүл Жамангулова эжеге интервью берген элем окуум жана кийимим жөнүндө. Ошондо баса белгилеп айттым эле окуумдун “контрагын” туугандарым мени колдоп, жардам берип, төлөшкөн эле. Ал эми костюмдарым боюнча болсо, Жараткан мага бул жашоодо чыныгы досторду тартуулаган. Классташтарым ишкерлик менен алектенишип, ийгиликтүү бизнесмендерден. Мына ошол классташтарым мени колдоп келишет, анткени мамлекеттик кызматтын айлыгына жакшы костюмдарды ала албайм. Муну эмне үчүн айтып жатам?! Сөздүн төркүнү Премьер-министрдин кызынын “контрагын” туугандары, өзү төлөсө керек (көп түкүрсө көл болот). Ошондон улам АКШда окууга насип болгон. Буйурса ар бирибизде колу ачык, берешен, билимге каражатын сарптаган тууган, достор болсун!

Мындан сырткары ушул маселеден келип чыккан жаңылык, посттордун алдында Өкмөт башчынын дарегине айтылган ыплас, жалган сөздөр, пикирлер калтырылып жатат. Ыйык Рамазан айында ушундай жаман нерселерди жазганыбыз туура эмес деп ойлойм, бир аз сабырдуу болсок, эмоцияга алдырбасак.

Коомго маалымат таратууда өз ишибизге так болсок, ушактын негизинде, “бирөө айтты” деп жаңылыктарды чыгарганыбыз бизди жакшылыкка алып келбейт. Анын дагы убагы келгенде сурагы болот.

Премьер-министрдин дарегине жасалган кара пиардын артында ким турса дагы кандай ниет менен кылганы баарына маалым. Социалдык тармактарга постторду жайгаштырып, аны көбүрөөк окусун деп каражат жумшап, комментарий жазгандарга өзүнчө каражат бөлүүнүн кажети барбы?! Ошол сарпталган тыйындарды Рамазан айында кайрымдуулукка жумшап, көбүрөөк сооп алса болот да. Учурда бизге туруктуулук керек, туруктуулук болсо экономикалык жылыштар орун алат, өнүгүү байкалат.

Урматтуу кесиптештер, бул пост менин жеке билдирүүм (жеке баракчама жайгаштыруудамын), Өкмөттүн атынан айтып, жазган жокмун. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм.

Кармаган орозолорубуз кабыл болсун! Бири бирибизге кечиримдүү бололук!- деп жазган Өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу