Мыкты оюнчу оюндан четтетилди

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун улуттук курама команда менен Астанадагы дүйнө
чемпионатына барбай калды. Албетте мындай кабар жалпы кыргыз элинин
нааразычылыгын жаратууда. Азырынча анын курама командага кирбей калышынын
себептери так айтыла элек. Айрымдар казак тарапты күнөөлөп жатышат, алар Ниязовдун
келишине каршы деген сыяктуу. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Баамыбызда
көкбөрүчүлөр арасында чыр чыгып, ич ара пикир келишпестиктер жаралган сыяктуу.
Эмнеси болсо да Астанада кыргыз жигиттери жеңишке жетип кайтышсын.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу