Мурунку мэрлердин соту жүрүүдө. Кубанычбек Кулматов соттогу “беспределге” нааразы

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимодун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Айтыпталып жаткан К.Кулматов, тергөөдө башаламандык болуп, керек болсо аны кылмыш иши менен толук тааныштырпагандыгын билдирди.

“Мага эмдигиче айып кагазын кармата элек. Прокурор менен соттун шалаакылыгы гана эмес бул — “беспредел” – деп айтты Кубанычбек Кулматов.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов баштаган 14 айыпталуучу коррупцияга күнөөлөнүүдө. Тергөөнүн натыйжасында, мурунку чиновниктер курулуш иштерине кеткен чыгымды 12 миллион 160 миң 641 сомго негизсиз көтөрүшкөн.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу