Мурдунан алысты көрө албаган Мурашев…

Тиги биздин «чирик министр» атка конгон Нурбек Мурашев ЖМКлардын бирине маек берип жатып, быйыл картошканын аянты 3200 гектарга азайып, жалпысынан 82 миң гектарды түзөрүн айтты.

Ал эми быйылкы дыйкандар өндүргөн продукциялар өтпөй чирип, сатыкка деп даярдап койгондорун да кайра сорттоп жатканы тууралуу министр мырзада маалымат жок окшойт.

Министр дагы эле «мурдунан алысты көрө албай» дыйкандар картошкаларын сорттоп даярдап койсо дептир го күйдүрүп..

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу