Мурдагы облус башчы камалды.

Өзбекстанда Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураев менен анын капиталдык курулуш жана коммуналдык чарба боюнча орун басары Уткир Абдуллаев камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Туроб Жураев менен Уткир Абдуллаев ЮНЕСКОнун коргоосундагы аймакка көп кабаттуу үй тургузган курулуш компаниясынан пара алган деген шек менен 10-июлда камакка алынган.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жураевге каршы кылмыш иши козголгонун ырасташты. Алардын айтымдарында, экс-чиновниктер Самарканддын тарыхый бөлүгүнө үй куруу айыбы менен кармалган жергиликтүү ишкерлердин көрсөтмөсүнөн кийин кармалган.

Самарканддын тарыхый жерлерин коргоо маселеси ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 42-сессиясында көтөрүлгөндөн кийин, өзбек бийлиги андагы курулуштардын мыйзамдуулугун текшере баштаган. 23-июнда Самаркандга барган өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов пара берүү жолу менен алынган уруксаттын негизинде курулган 7-9 кабаттуу үйлөрдү бузуу тапшырмасын берген.

Президент Шавкат Мирзиёев Туроб Жураевди Самарканд облусунун башчылыгына былтыр 13-июнда дайындаган. Ислам Каримовдун тушунда ал Сурхандарья жана Кашкардарья облустарын жетектеген. Андан тышкары 2004-2008-жылдары Өзбекстандын элдик билим берүү министри болуп иштеген.

Булак: «centralasian.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу