Мурдагы мэрдин кызы Назгүл Түлеева алдап кеткен аял жүрөгү кармап, операция жасалды!

Бишкек шаарынын мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева азыркы өздөрүнө тийешелүү “ГУМ – Чынар” соода борбору курулуп жатканда бир нече адамдар менен алдын-ала келишим түзүп, акчасын алып соода борборунан орун бермей болгон. Аталган курулуш убактысынан 2 жылга кечигип бүткөнү аз келгенсип, алдын ала каражат берген кардарларды алдап, убада кылган бутиктерин бербей койгон. Акчасын кайтарып ала албагандарга жолукпай же акчасын бербей жатат. 2 000 000 сомго чукул алдатып жиберген ишкер аял жакында жүрөгү кармап, көп чыгым талап кылган операцияны башынан өткөрдү.

Учурда Назгүл Түлеева алар менен жолукпай, кабыл албай качып жүрөт. Мындай абалга туш болгондор жалгыз эмес, көп санда. Убагында Бишкек шаарын жетектеп турганда автобустарды сатып келүүдө көп акчаны жеп алган десе ишенген жок элек, көрсө ал чын тура. Бекеринен камалып чыккан эмес экен, кайран жемкор десе.

Андан тышкары, Нариман Түлеев Кытай менен түзгөн келишимдерди кийин жасалма документ жасатып, кыргыз сотторун алдаган деп укканбыз. Ал тууралуу дагы иликтеп, кайра казып чыгыш керек. Себеби, Кытай менен түзүлгөн келишим деп алып келген документтер жасалма болгон экен, аны биздин бийлик кайдан текшермек? Ошону бир сыйра иликтеп, барактап койсо ашыкча болбос. Көптөн бери көрүнбөй кеткен Н.Түлеев азыр Бабановго болушуп, оппозиция болом деп оолугуп атканын угуп атабыз. Муну дагы бир сыйра кустуруп койсо аздык кылбайт окшойт. Баса, сөз башында айтылган алданган аял боюнча дагы маалымат беребиз. Ага чейин, балким эсине келишип, алган акчаларын кайтарып берип коюшаттыр. Эгер кайтарбаса, анда толук маалыматты чыгарып, шермендесин чыгарабыз.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу