Мурат Суталинов: «Өлүмгө даяр эмесмин!»

2016-жылдын 29-июлунда Кыргызстандын Жогорку Соту мурунку кабыл алынган соттордун чечимин өз күчүндө калтырган.

Мурунку президент Курманбек Бакиевге 30 жыл сырттан өкүм чыгарылган.Ал эми Жаныш Бакиев менен экс-премьер-министр Данияр Үсөнөвдорго өмүр бою сырттан соттолушкан. Ал эми Марат Бакиев 27 жылга кесилген.

(УКМКнын мурунку жетекчиси) Мурат Суталинов 20 жылга абакка кесилген.

Ал эми Мурат Суталинов абакта орун алып калганда, анда онкологиялык оорусу бар экендиги аныкталган . Акыркы жылдары анын оорусу күч алып, рактын 4-стадиясына айланган. Жактоочулар аны абактан чыгарууну талап кылышкан, бирок, тилекке каршы, сот баш тарткан.

Журналисттер ага баш багып, суроо беришкенине жана ал-ахыбалын сурап койгонуна абдан ыраазы болду. — Биринчиден, калемгерлердин менден кабар алып койгонуна ыраазымын. Азыр мен үчүн татаал күндөр болуп жатат. Мен соттолгондон кийин, ушунча мөөнөткө түрмөдө отурушум мен үчүн кыйн болду. Бирок, азыр ал тууралуу ойлонгон да жокмун. Учурда мен бир күн менен жашап калдым. Бирок мен өлбөйм, анткени кедей-кембагалдар көп, мен аларга жардам беришим керек, — дейт Суталинов.

Эске салсак, Мурат Суталиновду 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга катышы бар деп соттошкон, бирок далилдешкен эмес.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу