Мурат Суталинов түрмөдө калды

15-февралда Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев ушундай чечим чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу маселеси 7-февралдагы отурумда каралган. Анда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Суталиновдун мүнөзү чырдуу болбогонун, аны бошотууга каршылыгы жок экенин айтты. Андан кийин дарыгер да көрсөтмө берип, Суталиновдун бөйрөгү 4-баскычтагы өсмө (рак) илдети менен жабыркай тургандыгын, өпкө-боору, жүрөгү да соо эмес экенин айтып, соттолуучунун абалы оор экенин билдирген эле.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Мурат Суталинов «өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен» деген жүйөнү дарыгерлер айтып келатышат. 30-январдагы процессте муну анын адвокаты Тимур Карабаев «Азаттыкка» сүйлөп жатып ырастаган.

Мыйзамга ылайык, абакта отурган жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укуктуу. Ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу