Мураталиевди “муштагылагандардын” “бети кызарып” калаар…

Айрым адамдардын  көралбастыгы  ушунчалык “ичине тааруу айланбайт”  го чиркин.   Айтайын дегенибиз:  кечээ эле  аты-жыты белгисиз  fakt.kg  сайтына  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү  Марат Мураталиевдин үстүнөн “жугунду төккөн” макала сөрөй  жарык көрдү.  Жазмакер болумуш “чү”- дегенде   Мураталиевди  эч кандай далили жок эле  “муштагылап”   “улуу  — кичүү сыйлабаган жетекчи” – деп   сыпаттаган. Тескерисинче, жалпы Талас элинин сүймөнчүлүгүнө,  сый – сыпатына ээ болуп элдик губернатор  аталган  Марат Мураталиевге   “көө  сыйпоого” аракет кылгандардын,  кара өзгөй  ниеттери  эч убакта ишке ашпайт.  Анткени Мураталиев бир эле күндө   “элдик губернатор” деген  расмий эмес наамга татып калган жери  жок. Чыныгы “элим” – деген мекенчил  жигитке, кызматтын деле  бар жогу  анчалык маанилүү эмес. Анткени Марат Мураталиев   кызматка келгенге чейин эле   Таластын баш аягына кайрымдуулук иштерин  кылып  15 000 000  сомдон ашык  жарда  берген  колу ачык  берешен адам.  “Жигиттин аты чыкпайт март болбосо” – демекчи  карапайым калк аны   мурда эле таанып   мурдатан эле сыйлап келет.

Максаты  эптеп эле  Мураталиевди  “мокочо”  көрсөткүсү келген автор,  “облустун башкы имаратынын ичине “Акипресс”, “Ала-Тоо”маалымат борбору, анан калса Жерүй кенин иштеткен “Альянс-Алтын” ишканасынын кеңсесин да ал жерге жайгаштырып алышы кудайга деле жакпаса керек” – деп безелениптир.  Биринчиден,  бош турган   иш бөлмөлөргө  бир гана массалык маалымат каражаттарынын  “Альянс-Алтындын”  жайгашып  калганында  Мураталиевдин  кандай тиешеси бар? Же эмне  аларды Мураталиев   “ ушул жерге отурасың” – деп  колунан жетелеп келиптирби?

Экинчиден алар Мураталиевге  чейин эле  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн  имаратында жайгашкан  болчу.  Жогоруда аталгандан тышкары,  акыйкатчынын  өкүлү,   мамлекеттик экотех инспекция,    мамлекеттик  камсыздандыруу компаниясы,  коомдук  уюмдар деги койчу  бир нече мекеме ишканалар  ушул эле  имаратта жайгашкан.

Булардын баары мыйзам чегинде  ижара акысын  төлөп  анан кийин ал жерге жайгашып отурат.  Анын үстүнө  имараттан  кимдер иш бөлмө аларына же албасына Мураталиев кызыкдар эмес. Мындай майда-чүйдө жумуштарга аралашууга Мураталиевдин ниети да убактысы да  жок.  Бул иштер менен өкүлчүлүктүн чарбасын жүргүзгөн    тиешелүү бөлүм алектенет.

 

Макалада  “Кызыгы, маалымат борборго баргандар Мураталиевден уруксат сурап, маалымат бере турган ишинин жарымын айтып, эмнени сөз кылаарынан да кабардар кылыш керек экен. Ак үйдүн ичинде олтурган маалымат борборлору элди канчалык ачык чагылдырып, туура маалыматты канчалык элге жеткире алат?” – деп    “каңырыгы  түтөптүр”.

Автор  “маалымат борбору” – деп “Аки пресстин” маалымат борборун айтып  жатса керек.  Жалпы  журтка  маалым болгондой  –“Аки пресс”  жеке  менчик  маалымат агенттиги болуп саналат. Ага Мураталиев  түгүл   андан “катта хандардын” да “тигинтип жаз,  минтип  чыгар” –  деп  тапшырма берүүгө акысы жок.  Тапшырма берген күндө да  алардын угайын деген түрү жок.   “Андыктан  автор  элге маалымат жетпей жатат” – деп күйүмүш болгону  жөн эле жел сөз.  Каалаган массалык маалымат каражаттары   каалаган  темасын жазып эле келе жатат.  Алардын баарынын  оозун жаап  “мурдунан жетелеп”  алгыдай  Мураталиев медиа  магнат эмес.

Андан ары автор “калпын казанын дагы кайнатып” “Билгенге, Мураталиев Таласта бир топ абалдар жагынан чыңалууну жаратууга алып келе турган жагдайларды жаратып коюптур. Альянс-Алтындын да ал жерде турушу, жеке компанияны өзүнө байлап алганы ачык эле көрүнүп эле турат. Эки сөзүнүн бири мактанып сүйлөгөн Марат мырзанын аз күндө болуп көрбөгөндөй “былыктары” чыгаары турулуу эле иш. “Бакубат Талас” фондунан жалаң тендердин баарын жең ичинен өзү утуп жыргап атат. Драм театрдагы ишин болсо “түкүрүк” менен басты. Ал дагы асан-кайгы болоор” – деп макаласын  “кейиген” абалда  жыйынтыктаган экен.

Тооба,   “таппасаң, сыйпалап кал” – деген ушул! Мураталиев чыңалууну  жаратпай эле,   элди  ынтымакка  чакырып эл менен бирге болуп  демдүү иштерди баштап  Таластын өнүгүүсү үчүн  жан үрөп иштеп жатат.  “Альянс – Алтын” компаниясы Мураталиев жетелеп алгыдай мал беле?  Анын үстүнө  аталган компаниянын жетекчилиги   Бишкек шаарында  жайгашкан. Бул жерде өкүл катары   бир эле жигит иштейт. Чындап келсе ал жигиттин Мураталиев атын деле билбейт болуш керек.   “Бакубат Талас” фондуна  тендерди утуп жыргап жаткыдай  Мураталиев азыр ишкер беле? Биз билгенден анын “Арсенал БМ” курулуш компаниясы  эбак эле ишин токтоткон.  Тендерден утуп жаткан компаниялардын Мураталиевге  кыпындай да тиешеси жок.  Эгер, “тиешелүү”- десеңер анда факт менен  далилдеп бергиле да.

Талас драма  театры боюнча бир гана жалкоо жазмакер  жазбай калды болуш керек.  Укук коргоо органдары да  бир нече жолу текшерип эч кандай мыйзам бузуучулук  тапкан эмес.

Айта кетчү  жагдай : айрымдар  Талас шаарынын борбордук паркында жайгашкан 1 миллион  400 миңге салынган  даараткананы да Мураталиевге экинчи жолу жармаштырып жатышат. Бирок, ал убакта Мураталиев  жеке  ишкерлик менен  алектенип жүргөн.  Элдин  “оозун ошту караткан”   баасы “асман чапчынган”  даараткананы  ошол кездеги Талас шаарынын мэри  Анарбек Кушубаков салган. Даараткананын чоо жайын билгиңер келсе ошол кишиден сурап алсаңар болот.

Чындап келгенде,  Мураталиевди “муштагылаган”  макала болумушка  жооп жазбай деле койсок болмок. Бирок,     эч  кандай  далили жок эле  элге жаманатты кылгысы келгендерге  чындыкты жеткизип  коюууну  туура көрдүк. Балким, бул жоопту   окуган соң  уяттары болсо бир аз болсо да  “беттер  кызарып” калаар…

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу