МУКК: кезектеги массалык баш аламандыкка даярдануу фактысы аныкталып, экс-депутат К.Шайымбетов камакка алынды

КР МУКК ыкчам-издөө иш чараларын жүргүзүүдө 2017-жылдын 15-октябрь күнү КР Президентин шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин массалык баш аламандык уюштуруу жолу менен андан ары административдик имараттарды басып алууга даярдык көрүү фактысы аныкталып, алдын алынды. Бул тууралу бүгүн, 15-октябрдын таңында КР МУККнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Такталган маалымат боюнча, буга чейин жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды сактап, аларды алып жүргөндүгү үчүн соттолгон, КР ЖК мурунку депутаты К.Шайымбетов айрым адамдардын тобу менен алдын ала бүтүм боюнча, талапкерлердин бири утулуп калса, КР Президентин шайлоо учурунда жана андан кийин массалык баш аламандыктарга жигердүү катышууга ниеттенип жатышкан.
Кылмыштуу ниеттерин ишке ашыруу максатында, массалык баш аламандыктарга катышып, КР Мамлекеттик органдарынын административдик имараттарын басып алуу үчүн К.Шайымбетов жана анын тарапкерлери акыркы күндөрү курал-жарак жана аларга керектүү ок-дарыларды жигердүү издеп жатышкан.
2017-жылдын 14-октябрында бул факты боюнча К.Шайымбетов жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза Кодексинин 27-беренесинин жана 233-беренесинин 1-бөлүгүнө ( Массалык баш аламандыкка даярдык көрүү), 27-беренесинин жана 295-беренесине ( Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү) жана 241-беренесинин 2-бөлүгүнө (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Кармалгандар КР МУКК имаратына алынып келинди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу