«ЫНТЫМАК ЖАКШЫ ЫР ЖАКШЫ-ЫНТЫМАКТУУ ЖУРТ ЖАКШЫ» деп 2018-жылдын 3-январь күнү
Москва шаарында «ЫРЫС АЛДЫ ЫНТЫМАК» жыйыны болуп өттү. Жыйынга Москва шаарындагы
Аксакалдар кеңеши, Элчилик, ИИМ, Миграция, КМДБнын өкүлдөрү , Коомдук уюмдардын
жетекчилери, өкүлдөрү жана көптөгөн эмгекчил мекендештерибиз катышты. Жыйын «АК-ТИЛЕК»
жаштар ынтымагынын демилгеси менен уюштурулду. «АК-ТИЛЕК» жаштар ынтымагы бир жыл
мурда, тактап айтканда 2017-жылдын 3-январь күнү түзүлгөн . Жыйында
«АК-ТИЛЕК» жаштар ынтымагы биримдигинин координатору Надырбек Сооронбаев, келген конокторго
ыраазычылык билдирип, андан сон бир жыл ичинде жасалган иштер тууралуу отчет берди жана
келечектеги максаттарды коюп, ошол максаттарга «ынтымакта-биримдикте чогуу жетели» деген сунушун
айтты.
Жыйындын аягында жакынкы айларга максаттар жана пландар коюлду:
- Январь айынын ортосунда, Москвадагы жалпы мекендештер биригип, КУДАЙдын ыраазычылыгы
үчүн, «кырсыктан тышкаары бололу, алыс бололу»,- деп КУДАЙ тамак өткөрүү ниет кылынды. - Мекендештердин суроосу боюнча, ай сайын Элчиликтин, ИИМдин, Миграциянын кызматкерлери
менен бирдикте мыйзам, миграция, жумушка орноштуруу, өнбөй калган айлыктарды
өндүрүү, груз-200, регистрация ж.б маселелер боюнча жакындан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана
жардам берүү жагы сунушталды. - Россия боюнча мекендештер үчүн телеканал ачуу керектиги
айтылды жана буюрса жакында ачылаары тууралуу Д.У.Абдразаков айтып жооп берди. - Чет өлкөдө эмгектенип жүрүп өзүн жакшы жагынан көргөзө алган, кылган иштери, билими менен
айрымаланган жаштарды КР мамлекеттик кызматтарына сунуштоо жана Россиянын мамлекеттик
кызматтарына сунуштоо боюнча да сөздөр болду. - Алдыда боло турган Айт майрамдары, Нооруз, 9- Май, Ч.Айтматов атабыздын 90-жылдыгында чогуу ЫНТЫМАКТА, БИРИМДИКТЕ даярданалы жана жогорку деңгеелде өткөрөлү деген сунуштар болду.
Булак: ARGUMENT.KG