Москва шаарында «КУДАЙ ТАМАК -ТҮЛӨӨ» өткөрүлүп, жардамга муктаждарга акчалай жардам көрсөтүлдү (тизме)

МОСКВА шаарындагы 2018- жылдын 14- январында өткөн » КУДАЙ ТАМАК -ТҮЛӨӨ” БОЮНЧА ЭЛДЕН ТОПТОЛГОН ЖАНА ЧЫГЫМ БОЛГОН АКЧА КАРАЖАТТАРЫ БОЮНЧА ОТЧЕТТУК МААЛЫМАТ

Урматтуу Аксакалдар, Коомдук уюмдардын өкүлдөрү , жана Москва жергесинде жашап жана эмгектенип жаткан мекендештер!

14 январда Москва шаарында эмгектенип жана коомдук иштерге активдүү катышып жургөн жаштарыбыздын демилгесинде, Кыргыз Республикасынын Россия Федерциясындагы Элчиликтин, Орусиядагы расмий мамлекеттик өкүлчүлүктөрүнүн (ИИМ, Миграция кызматы), Москва жергесиндеги Аксакалдардын жана Коомдук уюмдардын, ошондой эле жалпы кыргыз жамаатынын колдоосунда өткөн «КУДАЙ ТҮЛӨӨгө 250 го жакын мекендештерибиз келишти.
Өткөн жылы ар кандай себептер менен каза болгон мекендештерибизге КУРАН окуп жалпы дуба кылынды. ТҮЛӨӨГӨ кеткен баардык чыгымдардан тышкаары Кайрымдуулук кутучасына түшкөн суммадан 109 000 руб арткан. Ал акчаны азыркы күндө жардамга өтө муктаж болуп оор операция жасала турган беш үй-бүлөгө жана туугандарына, ооруларынын диагнозунун оордугуна жана турмуш шарттарына карап жалпы уюштуруу топтун чечими менен бөлүнүп берилди.

Коомдук Кеңештин «Кайрымдуулук картасында» 6 000 р калды.

ТӨМӨНКҮ ЖАРДАМГА МУКТАЖ МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗГЕ АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ БӨЛҮНДҮ :

1) КУЛЧУНОВ АЗИЗБЕК — диагноз: цирроз печени-пересадка печени, донор-бир тууган иниси;

2) АЙМЕЕРИМ 1.3 жаштагы наристе, диагноз: гидро-цефалия (башында суу бар), апасы ГУЛМИРА .

3) ЮСУПОВА ЖАРКЫНАЙ_ — 5 кабаттан тушуп кеткен кызыбыз, (Кыргызстанга жеткируу маселеси чечилип жатат);

4) АЙЖАН МАМАСАДЫКОВА — наристе небересине операция жасоого акчалай жардам;

5) АБДУКАРИМОВ ЖОРОБЕК тин сөөгун мекенге жеткирүүгө акчалай жардам берилди;

6) АРСЕН аттуу жигит документтерин жоготуп алган, 6 жаштагы кызы каза болгондуктан мекенге жөнөтүүгө жардам берилди ;

Урмат-сыйлуу, кадыр-барктуу КУДАЙ ТҮЛӨӨГӨ келип САДАКА салымдарын кошуп кеткен мекендештерибизге, дасторконун жайган «Ыссык-Көл» ресторанынын ээлерине, уюштуруу иш-чараларына катышкан жаштарыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Терең урматтообуз жана ыраазычылыгыбыз менен, Москва жергесиндеги кыргыз диаспорасынын Аксакалдар жана Коомдук Кенеши.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу