Москва: Жердешин тапанча менен көзгө аткан кыргыз жараны кармалды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада бирин экинчиси травматикалык тапанча менен көзгө аткан кыргызстандыктардын ишин териштирүүнү өз көзөмөлүнө алды.

Элчиликтин маалыматына караганда, окуя 19-сентябрда Москвадагы “Ысык-Көл” кафесинин жанында болгон. Чатакташа кеткен эки адам тең кыргыз жараны экени аныкталды.

Тапанчадан аткан адам полицияга камалды. Ал эми жабыркаган адам клиникалык ооруканадан биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйүнө коё берилген.

Чырдын чоо-жайын Москванын Соколиная гора району боюнча ички иштер башкармалыгы териштирип жатат.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу