Москва: адвокаттар соттон Чыңгыз Анарбек уулун үй камагына чыгарууну суранды

Райондук соттун чечими менен кыргызстандык таксист эки айга камалган болчу

Москвада жолдун четиндеги элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун жактоочу райондук соттун чечими боюнча шаардык сотко даттанды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-майда, Таган райондук соту Анарбек уулунун баш коргоо чарасын карап, эки айга тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Маалыматка ылайык, жогорку инстанцияга жазылган аппеляциялык арызда Кыргызстандын жаранын үй камагына чыгаруу өтүнүчү келтирилген. Учурда аны юрист Мирбек Токтошев жана адвокат Павел Березин жактап жатат.

Алар райондук сотто да РФтин Кылмыш жаза кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын айтышкан. Ага ылайык, кармалган жаран административдик тартипте жаза алышы керек. Аны камакка алуунун кереги жок. Эгерде үй камагына алынса, элчилик аны убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даяр.

Бирок тергөөчүлөр кыргызстандык жаран тергөө абагына киргизилбесе, ал чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деген жүйө келтирген. Анарбек уулу окуя болгон учурда «топтолгондор аны өлтүрүп коет» деп корккондуктан, качып кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаракат алгандарды Кыргызстанга келип ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырган. Ал эми Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып бейтаптардын абалы менен танышып келген. Муну президент Сооронбай Жээнбеков да көз жаздымда калтырган эмес.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу