Москвада Кыргызстандын 50 жаштагы жараны бычактан жаракат алып каза тапты

Москвада 17-апрелден 18-апрелге караган түнү Кыргызстандын 50 жаштагы жараны бычактан жаракат алып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.
Маалыматка караганда, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн 21-апрелде элчиликтин кызматкери аталган ишти караган тергөөчү менен жолукту.
«Элчилик анын денесин Кыргызстанга жеткирүүгө жардам көрсөтүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыштын чоо-жайы такталып жатат.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу