Москвада кыргыздар мушташып, 19 жаштагы жигит набыт болду

Москва шаарында 19 жаштагы жигит бычактан каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматына караганда, аталган окуя 13-октябрда «Макдональдс» тез тамактануучу жайында болгон. Анда бир топ кыргыз жарандары мушташып, бычакташканга чейин барышкан. Жыйынтыгында бир бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилип, 14-октябрда көз жумду.

Учурда сөөктү мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда. Ошондой эле бычактаган жаранга карата кылмыш иши козголду.

Булак: 24.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу