Молдобаев Мукай ырчы: «Чыгармачылыктын шоусуна аралашканга аракет кылып баштадым»

Толук аты-жөнү— Молдобаев Мукай Алмазбекович

Туулган жылы, айы-1990.07.09

Жердиги— Талас шаары Үч Эмчек айылы

Билими— Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган

Жашаган жери— Бишкек шаары

Үй-бүлөлүк абалы—  бойдок

Бою— 188см

Жашоодогу девизи— Ар дайым алга!

 Чыгармачылык чөйрөнүн эстрада багытын тандапсыз, себеби?

— Эстрада багытын тандаганым себеби, менин жан дуйнөмө төп келет жана эстрада багытында ырдаган мага абдан жагат десем болот. Кичинемден бери эле гитарада кол ойнотуп ырдап келем.  Кыргызда сөз бар го,  “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”  дегендей мен дагы бул өнөрүмдү кыргыз элиме тартулоону чечтим.

Учурда кыргыз элиме биринчи болуп тартуулаган чыгармам сөзү, обону Ынак Осмоналиев агабызга таандык  “Ак сүйүүм сен элең» деген чыгармам менен кадам таштадым,  дагы да болсо арт артынан ырларды жаздырып иштөөдөмүн. Буюрса жакын арада ал чыгармаларга да  дагы күбө болосуздар.

Ырчы болуш үчүн кандай сапаттарды камтыш керек экен?

-Эң  биринчиден талант болуш керек деп ойлойм. Талантың сени алдыга умтултуп элдин сынынан өткөрөт. Ал эми сапатттарга кайрыла турган болсок жөнөкөйлүк, өжөрлүк, аракетчилдик, тайманбастык сапаттар биринчилерден болуп керек экен. Негизи адамдын ыйманына адамдык касиеттерине көңүл бурган адаммын.

Жалгыз дарак бак болбойт деп айтылат. Сизди колдоп, көмөктөшкөн инсандар тууралуу айтып берсеңиз?

-Эң биринчиден Азамат деген жакшы көргөн эң жакын байкем бар, ошол байкем чыгармачылыгыма өтө чоң жардамын көргөзүп келе жатат. Жана досторум жакындарым. Мисалы: Мирбек Иманбеков, Чынгыз Турдубеков, Мирлан Абдраев, Нуркыз Кожонова, Асан Жакыпбеков, Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев, Курал Чокоев жана башкалар. Ушул жакшы адамдардын жардамы менен мен чыгармачылыкка аттандым. Азырынча продюсерсиз эле өз алдынча эле иштеп көрүүнү оң көрдүм. Досторум болсо кеп-кеңештерин берип мени ар тараптуу колдоп турушат.

Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз?

-Чыгармачылыктан сырткары өзүмдүн  чакан бизнестерим бар, ошол жумуштарым менен алектенем.

 Шоуга аралаштыңызбы же бизнескеби?

 -Чыгармачылыктын шоусуна аралашканга аракет кылып баштадым.

Келечек пландарыңыз?

-Келечекте менин ырларым жалпы кыргыз журтума чыгармаларым жаңырып жүрөктөрүнөн орун алса экен деп тиленем жана алдыда жаңы ырларды клиптерди тартып иштеп жатабыз. Бул жолго аттанып алгандан кийин  тынбай  иштеп  баштадык.

 Маегиңизге рахмат.Сизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Элнур Элдияр кызы

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу