МИТИНГДЕН КИЙИН КАЗАРМАН АЙЫЛЫНДА АЛТЫН ТАБУУЧУ ФАБРИКА ИШИН ТОКТОТТУ.

Жалал-Абаддыктардын митингинен кийин Казарман айылында алтын табуучу фабрика ишин токтотту.

Жашоочулар менен жолугушууда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана адистери түшүндүргөндөй, учурда жумуштар убактылуу жүрбөй жатат.

Мындан тышкары, кен иштетүүчү тарап алтын табууда цианид натрийдин ордуна уулуу заттардын үлүшү төмөн реагентти колдонору белгиленди.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмалалтынкен” комбинатынын жанындагы башкы подрядчик “Мега Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жаңы курулуп жаткан “ДжиЭл Макмал Девелопинг” алтынды кайрадан иштетүүчү комбинатынын курулушуна каршы нааразылык билдирип  бир эмес, бир нече жолу митингге чыгышкан.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу