Мирлан Жээнчороев: “КТ Мобайлдын айланасында дагы көп нерсе ачыкталат”

Мирлан мырза, өкмөткө келген жаңы министрлердин айрымдарына ичи чыкпагандар болуп жатат. Мисалы, айылчарба министри беш жыл орун басар болуп отурган киши, картошка чырына анын да тиешеси бар да. Башка адамдарды алып келсе болбойт беле, же кадрдык дефицит барбы бизде?

-Кадрдык дефицит болгондугун жана туруктуулук жоктугун акыркы бир жылдагы өкмөт курамындагы тынымсыз алмашуулар далилдейт. 2018-жылдын апрелинен бери өкмөттүн 11 мүчөсү өзгөрдү. Бул туруктуулуктун жоктугу. Экинчиден, классикалык бюрократияда иштеген кадрларды адеп эле алып келип жатабыз. Кыргызстан чакан болгондуктан, бизге мобилдүү, жаңы ыкмалар, жаңы көз караш менен караган кадрлар керек. Жаш болуунуң зарылдыгы жок. Экономика министрлигине жакшы адис келбей жатат. Көп жыл өкмөт курамында ар кандай кызматтарды аркалап келген, бирок, бир да демилге көтөрбөгөн адамдар келатат. Бүгүнкү күндө жаңы ыкмалар жоктугунан бюджетте да чоң көйгөй жаралып, акчалар чогулбай калууда. Жаңы шарттарды, экономикалык жаңыча реформаларды жасай турган адамдарды качан алып келебиз? Ушул жагынан өкмөт башчы дагы адашты. Ачыгын айтсам, бул кадрлар менин купулума толгон жок. Бул кишилер иштей алаары көрүнбөй турат.

«КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсүсүз. Комиссиянын жыйыны улам кийинге жылып жатышы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. «Көмүскө соодалашуу жүрүп жатабы?» деген сындуу пикярлер бар. Канчалык негиздүү?

-Мен өзүм үчүн жооп берейин. Комиссиянын мүчөсү катары эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Жыйын жылганы техникалык маселеге байланыштуу. Биздин отурум 2-күнү болмок, ал күнү комитет жыйындары болгондуктан, бир да зал бошобой калды. 5-күнгө которулганын төрага жарыя кылды. Ал эми буга чейин аудитордук текшерүүлөр болду. Сурамжылоолорду кагаз түрүндө жиберип, жооптор алынды. Комиссиядан тышкары эксперттик топ иштеп жатат. Алар бат-бат отурум өткөрүп, жыйынтыктарын чыгарып жатышат. 5-күнкү жыйында дагы көп нерсе ачыкгалат.

-24 млн. сомдун дайыны жоктугу айтылып жатат…

-Комиссиянын ичиңцеги маалыматгарды төрага өзү жайылтып туруу милдетин алган. Алдын ала айта албайм. Бул жерде көп иш бар экен. Жыйында баары ачыкталат. Орчундуу да нерселер бар. Өкмөт, «КТ Мобайл» тарабынан айтыльш жаткан маалыматтардын айрымдары жокко чыгып жаткан учурлар дагы бар.

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу