Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: «Саясый элита криминалдашып кетти»

— Мирлан мырза, эмне үчүн актуалдуу маселелерде, кээде кырдыбычак болуп жаткан учурларда да парламенттен жакшы реакция күтпөй жатабыз? Себебин кандай түшүндүрөсүз?

— Мен баардык депутаттар жөнүндө айта албайм. Негизи, шайлоочуларда ар бир беш жылда мүмкүнчүлүк болот. Ошону талдап, кимде-ким, же кайсы бир партия өзүнүн алсыздыгын көргөзсө, коомдо болуп жаткан талууларга катышпай, кайдыгерлигин көргөзсө, шайлоодо алардан тазаланганга толук мүмкүнчүлүк бар. Андай пассивдүү депутаттар кайсы партиянын тизмесинде болсо, эмки шайлоодо аларды келтирбеш керек. Биз шайлоодо тандоону бирөөнүн мажбурлоосунан эмес, татыктуусун тандаганга үйрөнүүбүз зарыл. Ооба, кээде коомдо болуп жаткан маселелерде Жогорку Кеңеш чын эле өз баасын кеч берип жатканын моюнга алабыз. Коомдун уланышы — бул парламент. Биргеликте жылышыбыз, көйгөйдү чогуу талкуулап чечишибиз керек.

— Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү сунуштары шайлоо жакындаганда көтөрүлө баштагазны кадимки көрүнүшпү? Адатта кандай болушу керек?

— Кыргызстандын саясый элитасы криминалдашып, коррупциялашып кеткен. Ошол себептен саясый элитаны тазалоо багытында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү кадамдарына барышат. Бизде эле эмес, башка мамлекеттерде да ушундай. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, же алардын кызыкчылыгына иштеген, же ири коррупциялык иштерде катыштыгы бар адамдар болсо, саясатка келүүгө, аралашууга аларга бөгөт коюлат. Анткени, алардын жасаган иштери элге, мамлекетке каршы. Экинчи жагы да бар. Кыргызстан толук укуктук өлкө болбогондон кийин, 30 жылдан бери укук коргоо органдарына, сотторго ишенич абдан төмөн болгондуктан, көп убакта кээ бир саясый лидерлердин үстүнөн куугунтуктоо максатында «ойлонулуп чыккан» эч кандай юридикалык да, моралдык да укукка ээ болбогон сот чечимдери чыккан. Бийликке ээ болуп турган саясый группалардын кызыкчылыгына иштер козголгон. Ал ихштер кайрадан каралып чыгышы шарт. Эгер негиз саясат болгон болсо, ал адамдар кайрадан саясатка кайтканга толук укугу бар. Уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болгондор, өмүр бою кылмыш кылып жүргөндөр, анан алар саясый элитага келип, «элге тартип орнотом, криминалдык идеология менен жашаган баалуулуктарымды парламент трибунасынан таркатам» дегендер мыйзам аркылуу четтетилиш керек.

— Батукаевдин иши боюнча жыйырмадай адам камакка алына тургандыгы айтылууда. Кимдер камалышы мүмкүн?

— Батукаевдин маселеси чоң саясый коррупция. Ал адам кримтөбөлдөрдүн бири. Аны түрмөдөн чыгарып, качырган иште толук процедура кайра каралып чыгышы шарт. Ким болбосун, катышы барларга юридикалык баа берилиш керек. Анткени, Батукаев жөн жаран эмес, мамлектеттин негизги көзөмөлүндө болгон адам. Азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөө ачык-айкын, транспоренттүү болушу зарыл. Анан да айыбы барларды балким камабай, аларды кримчөйрөгө кайра түртпөй, үй камагына, же мыйзамда дагы көп жолдору бар, тергөө менен кызматташууга чакыруу туурадыр (!) деп ойлойм.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: «АЗИЯnews»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу