Мирбек Иманбеков, ырчы: «Мурунку күйөрмандарым азыр да жазып турушат…»

Мирбек, акыркы эмгектериңдин бири «Жаным» аттуу ырыңдын клиби аябай талкуу болуп кетти. Өзүң деле күтпөсөң керек?

—Айта көрбөңүз, тынчтык жок. Туш тараптан чалып, жазып жаман-жакшы айтып жаткандардын аягы суюла элек. Чындыгында мынчалык болот деп кыялданган деле эмесмин. Бирок элге башкача жаңылык болоорун сезип жаткам. Негизи көптөн бери имиджимди өзгөртүп көрсөм деп ойлоп жүргөм. Эми оюмду ишке ашырдым, өзүмө жакты. Мындан ары дагы көрөбүз буйруганын, кандай болот. Элге ырдадым, эл сындап да, чырдап да, жакшы- жаман айтып жатышат, элимден айланайын.

—Чыгармачылыгыңды таштап дыйкан болуп кеттиң эле. Мындан ары катуу иштейин деген экенсиң?

—Ооба, чыгармачылыкка аралашпай көп убакыт өттү Дыйканчылык мен кичинемден эле кылып келген жумуш. Эл катары иштеп жатабыз, кыйнала турган эч нерсе жок.

—Убагында ар бир ырьң хит болуп турчу эле. Ошол күндөрдү сагынасыңбы?

—Туура, ал убакта жакшы эле жылдызыбыз жанып, жер менен баспай калган күндөрдү унута элекмин. Сагынсам деле кайра келбейт да. Ар бир нерсенин өз учуру болот. Убагында жакшы ырлар чыккан, ага күйөрмандарым күбө. Чыгармачылыгым солгундап кеткенден кийин изденген эмесмин. Эми хиттерден кайра ырдагым келип турат. Спорт ордосуна концерт койсом, имараттын айнегин сындырууга чейин жеткен күйөрмандарым көп болчу. Ал күндөр өмүрүм өткөнчө эстен кетпейт. Мирбекти Мирбек кылган кыргыз элим болду. Элиме өмүрүм өткөнчө кызмат кылам деп азыр кайра чыгармачылыкка катуу кириштим.

-Баса он метрлик кат жазып, барактарга сенин сүрөттөрүңдү чаптап, арзуусун арнаган кыздар болчу эле. Азыр андай сүйүүлөрдүн аягы тыйылгандыр….

—Андай күйөрмандарым азыр да көп. Мени колдоп, жакшы сөздөрүн, каалоо тилектерин, сындарын, сырларын айтышат. Мурда каятарын он метрлеп кагазга жазса, азыр он метрлеп вотсапка же соц баракчаларыма жазып турушат. Ошол кезде айталбай калган сөздөрүн жазышса сүйүнүп калам. Ошол айтылган тилектери, каалоолору, сындары менен жашоомо, турмушума дем күч берип келет.

—Балким кайра баягыдай жылдыз болуу үчүн заманбап ыкмада Арсен, Омарлар сыяктуу менеджерлүү болуу ниетиң барбы?

—Андай да тилегим бар, бирок азыр эмес, кийинчерээк.

—Жакшы обондоруңду бир нече ырчылар ырдап жүрүшөт. Жалпысынан канча ырга обон жаздың?

—Мен чынында бирөөлөр ырдасын деп обон жазган эмесмин. Өзүм үчүн жазган обондорумду азыр ырдап жүргөн ырчылар бар. Жактырып, сурап калышкандарынан берип койгом. Эми суранса чыгарып деле берем. Ырдын сөзүн өзүм үчүн гана жазып ырдайм, башкаларга сунуштабайм. Анткени өзүмдү акын деп эсептебейм.

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу